Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Балдарды бала бакчага кабыл алууда алардын ПЧР анализи зарыл эмес

Балдарды бала бакчага кабыл алууда алардын анализ тапшыргандыгы тууралуу маалымкаты талап кылынбайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, учурда муниципалдык жана жеке менчик бала бакчалардын кызматкерлери вирустун бар жогун аныктай турган текшерүүдөн өтүп жатышат.

Дүйнө элине таанымал улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун арабыздан өтүп кеткенине 12 жылдын жүзү болду. Быйыл ал көзү тирүү болгондо 92 жашка чыкмак. Арабызда жок болсо да, алп жазуучуну чыгармалары аркылуу эскерип келебиз.

Кыргызстанда ар улуттун өкүлдөрү бири-бирине кыз берип, уул үйлөп, ортодогу ынтымак менен биримдикти бекемдеп келет. Көп улуттун өкүлдөрү жашаган Ош шаарында интернационалдуу үй-бүлөлөр арбын. Алардын бири Исамовдордун үй-бүлөсү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун беткап тагынуу жөнүндө сунуштары жаңыланды. Бул тууралуу уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, жарандар жабык имараттарда, коомдук транспортто, дүкөндөрдө жана эл көп чогулган жерде беткап тагынуусу керек. Бул өз кезегинде вирус жуктуруу тобокелчилигин азайтат. Айта кетсек, Кыргызстанда бир сутка ичинде эле СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды. Ал эми күн мурун 38 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алган 20 бейтап сакайып, үйүнө чыкты. Алардын 17си Бишкек шаарынын, экөө Нарын облусунун, бири Жалал-Абад облусунун тургундары. Ал эми күн мурун 25 адам коронавирус жуктуруп алганы катталды.

Күлүйпа Кондучалова көзү тирүү болгондо быйыл 100 жашка чыкмак. Бүгүн мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата «Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты» жумалыгы жарыяланды. Иш-чарага өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам онлайн-форматта старт берилди.

Быйыл абитуриенттер жогорку окуу жайларга жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде аралыктан онлайн форматта тапшырышат. Ал үчүн билим берүү жана илим министрлиги платформа иштеп чыккан. Өлкө боюнча быйыл 41 миңден ашык абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өттү.

Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу боюнча Мамлекеттик каттоо кызматында жигердүү иштер жасалууда. Жакынкы күндөрү “Айгов” жаңы мобилдик тиркеме ишке киргени турат. Тиркемеге бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр камтылып, аны аралыктан пайдаланууга жакшы шарт түзүлөт.

Ушу тапта “Ак-Тилек автожол” өткөрүү жайы күчөтүлгөн режимде иштеп, Кыргызстанга кире турган жүк ташуучу унаалар жокко эсе. Ал эми кыргыз тараптан Казакстанга кете турган 250гө чукул унаа кезекте турат. Өткөн жумага салыштырмалуу кыймыл бир аз жанданып, жүк ташыгандар акырындык менен жыла баштады.

Биз бир үй-бүлөбүз! Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Келечек” үй-бүлөлүк балдар үйүнүн тарбиялануучулары дал ушул ураандын астында өсүп келатышат. Райондогу жалгыз балдар үйунөн 40ка жакын бала тарбия алып чыккан. Балдар ар кандай тагдырга туш болуп, “Келечектен” түнөк табышкан.