Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Президент Сооронбай Жээнбековдин Ош облусуна болгон иш сапарынын 2-күнү

Эки күндүк иш сапары менен Ош облусунда жүргөн Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир нече объекттерге барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Атап айтсак, Араван районундагы мөмө-жемиш багына баш багып, ошондой эле райондун бир катар айылдарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча ишке ашырылып жаткан долбоордун жүрүшүнөн кабар алып, элеттиктер менен баарлашты.

Бүгүн COVID-19 инфекциясынын жаңы 36 учуру катталды. Көбү Бишкек шаарынан. Жаңы катталып жаткан учурлардын басымдуу бөлүгү сырттан келгендерден аныкталып жатат.

Быйыл өрт өчүрүү кызматынын түзүлгөнүнө 94 жыл толду. Алгач ат арабалар менен иштеген өрт өчүрүү кызматы учурда заманбап техниканын күчү менен натыйжалуу иш алып барууда. 94 жылдын аралыгында кандай өзгөрүүлөр болду?

25-июндан баштап кыргызстандык ишкерлер жеңилдетилген насыя ала башташат. Өкмөт “ишкердик субъектилерди каржылоо” программасын иштеп чыкты. Каражаттар үч жылдан беш жылга чейин 6-10 жылдык пайыздык чен менен берилет. ККМ-онлайн жана электрондук эсеп-кысапка өткөн ишкерлер өзгөчө шарттар менен насыя ала алышат.

Актёр, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги Учкун конушундагы актёрдун өз үйүндө өттү. Ага бийлик жана маданият өкүлдөрү катышкан. Кыргызстандагы белгилүү актёр, Бопуш деген ат менен белгилүү болгон талант Марат Жантелиев кечээ ооруканадан үзүлгөн. Ал 59 жашта болчу.

Коронавирусту алдын алуу үчүн эл көп топтолгон жайларда санитардык эрежелер сакталышы керек. Ал эми базарларда нормага ылайык аралык сакталып, коргонуучу каражаттар колдонулушу керек. 25-май күнү Оштогу борбордук базардын иштөөсүнө уруксат берилген. 700дөй соода түйүнү бар Оштогу базарда эрежелер сакталып жатабы?