Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык абал кандай?

Кыргызстанда бир суткада таажы вирусун жуктурган 38 бейтап сакайып ооруканадан чыкты. Ал эми күн мурун илдеттин жаңы 37 учуру аныкталды. Көпчүлүгү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары. Кайдыгер мамиле менен илдетти токтотуу мүмкүн эмес. Мындан улам оорунун кандайдыр бир белгилери байкалган учурда жарандар тез арада медициналык жардам үчүн 118 ыкчам номерине байланышуулары зарыл.

Азыр ар бир жаран кандайдыр бир окуяны смартфонуна тартып, интернет аркылуу дүйнөгө таратууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок маалыматтын булагын тактоо, чындык менен жалганды айырмалоо көпчүлүк үчүн оңой иш эмес. Жалган маалымат же жалган жалаа жабуу менен адамдардын тагдырлары талкаланган учурлар да жок эмес. Ошол себептүү фейк жаңылыктар жана аккаунттар менен күрөшүү үчүн Жогорку Кеңештин депуттары тарабынан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыгып коомдук талкууга чыгарылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги борбор калаадагы «Ош» базарында кезектеги дезинфекциялоо иштерин жүргүздү. Министрликтин атайын кызматтары күн сайын Бишкектеги базарлардан кабар алып, вирустун таралышына бөгөт коюу чараларын уюштурууда.

Бүгүн Кыргызстанда Орусиянын күнү. Эки өлкөнүн эриш-аркак жылынын алкагында, Бишкекте онлайн-концерт өттү.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативалык жол курулуп бүтсө, өлкөнүн ички райондорун маанилүү экономикалык түйүндөр менен байланыштырып, аймактар аралык товар жүгүртүүнү кеңейтүүгө жол ачат. Анын жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Учурда жолдун 2-фазасы дээрлик 85 пайызга бүткөрүлдү. Ага жолдун 90 чакырымдан ашыгыраак бөлүгү кирет. Стратегиялык жолдо учурда кандай иштер жасалууда?

Санитардык нормалар сакталбаган коомдук жайлар жана транспорт жабылат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. Тармактык органдарга бул багыттагы текшерүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди. Муну менен катар элди көп топтоп, үй-бүлөлүк иш-чара өткөргөн кафе-ресторандар жабылат.