Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ошто милициянын кайгуул кызматына талапкерлер кабыл алынууда

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматына талапкерлерди тандоо боюнча сынакка документтер кабыл алынып жатат. Жалпысынан 219 кызматкерди кабыл алуу пландалууда. Сынак жарыялангандан тарта 250дөй жарандын арызы кабыл алынды.

Прокуратура органдары балдардын укугун коргоо жана аларды колдоо максатында акыркы эки жылдан бери ондогон мыйзам бузууларды аныктап, соттук териштирүүгө берген. Ошондой эле, бул орган мыйзамсыз менчиктештирилген 94 бала бакчаны мамлекетке кайтарган.

Борбор калаанын күнүмдүк турмуш-тиричилигин камсыз кылууда коомдук унаалардын ээлеген орду чоң. Мындан улам, коомдук транспорттор май айынын соңунан тарта кадимки тартипте каттамга чыга баштаган. Анда учурдагы кырдаалга байланыштуу айдоочулар менен жүргүнчүлөргө санитардык эрежелерди так сактоо талаптары коюлган. Коюлган эрежелер аткарылбаса, катуу чаралар көрүлөрү да эскертилген. Бүгүн коомдук транспорттордо санитардык нормалардын сакталышы боюнча рейд жүргүзүлдү.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын катары калыңдап, өзгөчө борбор калаада кырдаал курч бойдон калууда. Соңку сутка ичинде илдет 100 адамдан табылып, анын көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаарында катталган. Ошондой эле илдет Баткен облусунан башка бардык дубандардын жарандарынан да аныкталган. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берген башкы дарыгер Нурболот Үсөнбаев 100 учур -бул Кыргызстанда коронавирус алгач катталгандан берки эң жогорку көрсөткүч экенин айтып, коомчулукту санитардык талаптарды так сактоого чакырды.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамын жактырып, дээрлик бир добуштан колдоп беришти. Премьер-министрлик кызматка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрликке Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги колдоо тапты. Мындан сырткары Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү. Бул орун Дастан Догоев окуусуна байланыштуу кызматтан кеткенден кийин бошогон. Депутаттар Бороновдун жана анын командасынын программасы менен таанышып, учурдагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сурап көрүштү.