Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Парламент Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссиянын корутундусун жактырды

Кытай жараны, Түркияда өлтүрүлгөн уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды иликтеген депутаттык комиссиянын иши жыйынтыкталды. Комиссиянын төрагасы Талант Мамытов бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында корутунду менен тааныштырды. Анын айтымында, бул факты боюнча жалпысынан 5 кылмыш иши ачылган

Өкмөт парламенттик шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыздоого тийиш. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы кеңешмеде айтты. Ошондой эле ал Өкмөттүн ишиндеги негизги 11 артыкчылыкка токтолуп, пандемиядан жабыр тарткан ишкердик субъекттерге мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүлөрүн, ошону менен катар тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүү улантылаарын билдирди.

Өз алдынча, ар кимдин сөзүн угуп дарылануу кейиштүү кесепеттерге алып келет. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берген башкы дарыгер Нурболот Үсөнбаев акыркы суткада илдеттин 95 жаңы учуру катталганын айтып, жарандарды оорунун белгилери билинери менен дароо дарыгерлерге кайрылууга чакырды. Ал өзүнөн коронавирустун белгилерин байкаган калаа тургундары 118 ыкчам байланыш номуру аркылуу дарыгерге кайрылып, кеп-кеңеш ала аларын айтып өттү.

Өлкөнүн сот тармагын реформалоо багытында бир топ иштер аткарылууда. Маселен, Кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутуму, сот залдарында видео жана аудио жаздыруу системасын орнотуу сыңдуу иштер. Мунун баары сот тармагына элдин ишенимин арттырууга, коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркууга, ачык-айкындуулукка багытталган.

Бишкек шаарында мектеп бүтүрүүчүлөрү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуу үчүн тест тапшырышты. Ага өз ыктыяры менен 328 окуучу катышты. «Алтын тамга» аттестациясы 12-июндан тарта облустук борборлордо уюштурулган. Анда имараттар дезинфекцияланып, окуучулар ортосунда социалдык аралык сакталган. Аттестация реалдуу режимде өтүп, бүтүрүүчүлөр жыйынтыкты дароо колуна алышты.

Интернет пайда болушу менен маалымат берүү, алуу жана бөлүшүү маданияты да өзгөрдү. Аны менен жалган маалымат таратууда саны күн санап өсүп жаткан социалдык тармактар чоң роль ойноп жатат. Кыргызстанда да «фейк» маалыматтарды ооздуктоо аракети жүрүп жатат.

Студенттер дипломдук иштерин жана мамлекеттик сынакты онлайн тапшырып жатышат. Аралыктан билим алуу жана сынактан өтүү студенттер үчүн кандай кыйынчылыктарды пайда кылды?

Бишкек шаарында Covid-19 илдетин жуктуруп алган жарандар көбөйүүдө. Мурда ооруну чет өлкөдөн же ооруган адам менен байланышта болуп жуктуруп алган фактылар эле катталып келген болсо, учурда ооруну жугузуу очогу белгисиз бойдон калган учурлар аз эмес. Буга байланыштуу борбордогу айрым эл көп топтолгон жайлар жана базарлар дезинфекция иштери үчүн жабылууда.

Дененин ысышы, кыйнаган жөтөл жана дем кыстыгуу өңдүү сөз менен айтып бере алгыс дене-бойду алсыраткан коронавирус коркунучтуу экендигин илдетти жеңгендер буга чейин да биздин каналга берген маектеринде белгилешкен. Бул ирет да инфекцияны жуктуруп алып, ооруканадан айыгып чыккан дарыгер жандандыруу бөлүмүнө кантип түшүп калганын кабарчыларыбызга айтып берди. Дүйнөдө мизи кайта элек таажы вирусунан жарандар этияттабаса кандай абалга кептелет?

Кубатбек Боронов министрлер кабинетинин башчылыгына жактырылды. Жогорку Кеңештин бүгүнкү пленардык отурумунда, ал эл өкүлдөрүнө коронавирус менен күрөшүүдөгү жана пандемия шартындагы кийинки кадамдар тууралуу айтып берди. Бороновдун айтымында, кайрадан карантин жарыялоо бул такыр мүмкүн болбогон учурда гана каралат. Ал өкмөттүн негизги приоритеттеринин бири экономикалык жоготууларды кыскартуу экенин белгиледи. Эске салсак, Кубатбек Бороновдун премьер-министрликке талапкерлиги Мухаммедкалый Абылгазиевдин иштен кетишинен кийин карала баштаган. Мурдагы өкмөт башчы радио жыштык чуусу боюнча кыска мөөнөттүү эргүүгө чыгып, андан ары иштен кетүү тууралуу арызын жазган.