Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында билдирди. Жыйын бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өтүп, өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы каралды. Анда Республикалык штабга, Саламаттыкты сактоо министрлигине, облус жетекчилерине, район акимдерине жана мэрлерге илдет менен күрөшүү темпин мурдагыдан да күчөтүү талабы коюлду. Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынынын жыйынтыгы менен бир катар чечимдер кабыл алынды.
Борбор калаадагы №12 бала бакчанын жаңы корпусу пайда болот. Бүгүн имараттын пайдубалына капсула салуу аземи болуп, ага калаа жетекчилиги катышты. 50 орунга ылайыкташкан корпустун курулушуна 16 млн сом бөлүнүп, анда балдар ойноочу, уктоочу бөлмөлөр жана ашкана каралган.
Региондорду өнүктүрүү жылында акчанын агымы аймактарга бурулуп, ишин жаңыдан баштап же өндүрүшүн кеңейтүүнү каалагандарга жакшы колдоолор көрсөтүлүп келет. Алсак, Ош облусунун Өзгөн районунда 10 гектар жерине алманын түрүн тиккен Кубанычбек Асылбековдун ишине Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду көмөк көрсөтүп, ал эми логистикалык борбор куруу үчүн жер тилкесин жергиликтүү бийлик караштырып жатат. Облус башчысы Узарбек Жылкыбаев Өзгөнгө барып, багбандын иши менен таанышып, таза суу, ирригация тармагында да жүрүп жаткан иштерге күбө болуп кайтты.
Акыркы суткада коронавирус дагы 132 адамдан аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки Кыргызстанда бир күндө оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Вируска чалдыккандардын басымдуу бөлүгү борбор калаада катталды. Эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берген башкы дарыгер Нурболот Үсөнбаев жалпы илдет жуктургандардын саны 2789 адамга жеткенин айтып, оору жуктурганын билбеген учурлар көп болуп жаткандыктан коомчулукту вируска кайдыгер карабоого чакырды.
Дүйнөдө интернет технологиялар канчалык тез өнүккөн сайын андан келип чыккан терс көрүнүштөр да арбын болууда. Алсак социалдык желелерде такталган да, такталбаган да, бирөөнү мактап жактаган да, каралаган да макала, баяндарды оңой эле кездештирүүгө болот. (1)Учурда калктын көпчүлүк катмары маалыматты биринчи кезекте дал ушул соцтармактардан алаарын эске алсак, мындай көрүнүш маалымат коопсуздугу үчүн өтө опурталдуу. Бул жагдайды эске алып Жогорку Кеңештин депутаттары маалыматты манипуляциялоо жөнүндө атайын мыйзам демилгелеп чыгышты. Бул долбоор биринчи окуудан өтүп, коомдук угууга чыкты.
23-июндан баштап өлкөдөгү айрым суютулган газ сатуучу жана май куюучу станциялар ишин токтотот. Бул жөнүндө басма сөз жыйында суютулган газ тармагы боюнча Кыргыз ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Эсен Бакиров билдирди. Алар 1-июлдан баштап өлкө аймагындагы май куюучу станцияларды башкаруунун автоматташтырылган тутумун коюуга жетишпей жатышканын жүйө келтиришүүдө. Мамлекеттик салык кызматы маалымдагандай автоматташтырылган системага өтүү тууралуу бир жыл мурун эле айтылып, бирок ишкерлердин суранычы менен бир нече жолу жылдырылган.