Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Улуу Жеңиш парады постсоветтик өлкөлөрдүн башын кайрадан бир аянтта бириктирди

Улуу Жеңиш парады постсоветтик өлкөлөрдүн башын кайрадан бир аянтта бириктирди. Бүгүн Москванын кызыл аянтында аскер парады болду. Аянттан кырка тизиле жөө аскерлер, элдик кошуундар, учкучтар, инженерлер, чалгындоо жана чек арачылар, анын ичинде Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын жоокерлери да салтанаттуу жүрүшкө чыгышты. Белгилей кетчү жагдай, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катыша алган жок. Себеби, өлкө башчысын коштоп барган делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирустун белгилери аныкталды. Бирок Кыргызстандан барган ардагерлер Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга жана башка иш-чараларга катышты.

Кулачын кенен жайган коронавирус инфекциясы дагы бир адамдын өмүрүн алды. Илдеттин саны күн санап өсүп, коркунучтуу вирус көбүнчө жаштарга жабышууда. Активдүү жашоо образындагы адамдар вирустун алып жүрүүчүлөрүнө айланды. COVID-19ду жеңгендер да жок эмес, өткөн түнү бул илдеттен 28 бейтап айыгып чыкты.

Жакын арада Кыргызстанда респиратордук беткап чыгарыла баштайт. Пандемия күч алганы өлкөдө беткап өндүрүүчү ишканалар ачыла баштады. Бүгүн борбор калаада бектап чыгаруучу өндүрүш ишке берилип, анын ачылыш аземине вице-премьер-министр Аида Исмаилова катышты. Бул ишкана Кыргызстандын ички керектөөсүн гана эмес, коңшу өлкөлөргө беткап жиберүүгө бел байлаган.

Ошто да эл көп чогулган жайларда рейддер уюштурулууда. Буга чейин түштүк борбордогу бир катар соода жайлар жана мекемелер эрежени сактабагандыгы үчүн жабылган. Бүгүн да коомдук жайлар тиешелүү кызматтар тарабынан текшерүүгө алынды.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы көзөмөл өткөрүү жайларында учурда кырдаал туруктуу. «Чалдыбар» жана «Кең-Булуң автожол» пунктарынын иштеп башташы «Ак-Тилек» өткөрмө жайынын ишин кыйла жеңилдетти. Учурда өткөрмө жайларда автоунаа тыгыны жок.

Ал арада “Өлбөс каттар — согуш чындыгы” акциясы жыйынтыкталды. Бүгүн сынакка активдүү катышкан окуучуларга, мектептерге белектер тапшырылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Өлкөнүн алыскы аймактарынан катышкан балдар-кыздарга байгелер жерине жеткирилип берилди.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына суу сактагычтарда сууга түшүүгө толук тыюу салуу жана сууда этият болуу чаралары тууралуу маалыматтык кампанияны активдештирүүнү тапшырды. Ал коопсуздукту сактоо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гана эмес, бардык жарандардын милдети экендигин белгиледи.

Эпидемияга байланыштуу Жалпы Республикалык Тестирлөө жылдагыдан кеч башталды. ЖРТ массалык чогулбоо, аралыкты сактоо эрежелерин эске алуу менен өтүп жатат. Тест өтүп жаткан ар бир мекемеде балдар беткап, бир жолку колдонулуучу кол кап жана антисептик каражаттары менен камсыз болушат.