Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

#ДүйнөлүкЖаңылыктар: Коронавируска дүйнөнүн ири өлкөлөрү туруштук бере албай жатат

Кыргызстанда пандемия учурунда 2 миң 800дөн ашык коомдук транспорт санитардык эрежелердин сакталышы боюнча текшерүүдөн өттү. Текшерүүлөрдүн негизинде айдоочуларга 100 миң сомго жакын көлөмдө айып пул салынган. Транспорт министрлиги башка министрликтер менен биргеликте борбордогу коомдук унааларды жана региондор аралык каттаган коомдук тарнспорттордогу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын текшерүүнү улантууда. Айрым жүргүнчүлөр белгиленген эрежелерди сактабай жаткандыгы белгилүү. Ошол себептүү айдоочуларга айып пулдар салынууда.

Беш күндөн бери Ат-Башыдан борборду карай жөө чуркап келе жаткан Оболбек Осмонбеков Бишкекке жетти. Ал сапарын 19-июнда Нарын облусунун Талды-Суу айылынан баштаган. Күн мурун спортчу ультрамарафонду калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы “Спартак” стадионунун спорт аренасына келип жыйынтыктады.

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору сөз эркиндигине терс таасирин тийгизбейт. Тескеринче, аталган мыйзам жарандардын укуктарын жалган жалаа маалыматтардан коргойт. Белгилей кетсек, мыйзам долбоору өткөн жумада парламент тарабынан эки окууда кабыл алынган.

Кыргызстанда бүгүн дагы 228 киши вирус жуктурганы аныкталды. Бул бир сутка ичиндеги илдетке чалдыккандардын эң жогорку көрсөткүчүн түзүүдө. Арасында 19 медицина кызматкери бар. Мындан улам инфекция илештиргендердин саны күндөн-күнгө азайбай, көбөйүп жаткандыгы байкалууда. Ушу тапта республика боюнча 3900дөн ашык адамдын вирус жуктурганы тастыкталса, 2112си айыккан.

Пандемияга байланыштуу жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңселерден эмес, үйдөн алуусуна бардык шарттарды түзүү керек. Ал үчүн Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жаңы технологияларды ишке киргизүү боюнча иштерди күчөтүүсү керектигин ыкчам штабдын башчысы Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Кыйынчылыктарга карабастан, көмүскө экономикага каршы күрөштү активдештирүү керек, — дейт премьер-министр Кубатбек Боронов. Анын айтымында, республикалык бюджеттин ордун толтуруу салык кызматынын гана эмес, бардык бийлик органдарынын милдети. (2)Буга ылайык, май куюучу жайларда, соода түйүндөрүндө кассалык аппараттарда автоматташтырылган башкаруу тутумун киргизүү мындан ары да улантылат.

Жарандар коронавирус боюнча адистердин кеңешин ыкчам алуусу кажет. Мындан улам, облустардагы колл-борбордун операторлору менен мобилдик топтору көбөйтүлүүдө. Бишкек шаарында эпидемилогиялык кырдаал начарлап жаткандыгына байланыштуу дагы кошумча линиялар менен мобилдик топторду ишке тартуу зарылдыгы бар. Мындай билдирүүнү ыкчам штабдын башчысы Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Комуз-кыргыздардын улуттук музыкалык аспабы. Маалыматтарга караганда комуздун жаралуу тарыхы 11-кылымдан башталат. Ошол күндөн тарта комуз-улуттук музыкалык аспап болуп саналат. Кыргыздын тарыхында бир нече залкар комузчулар чыккан. Бирок комузду жасоо көпчүлүктүн колунан келе бербейт.

Пандемия учурунда көпчүлүк жарандар юридикалык жардамга муктаж. Буга байланыштуу Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти Чыңгыз Шамшиевдин тапшырмасы менен Юридикалык клиника онлайн режимде иштеп жатат. Акысыз юридикалык жардам кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилет.