Шаршемби, 8 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Медиктердин вирусту кантип жугузуп алып жатканын себеби айтылды

Эки жылдан бери ишмердиги токтоп турган Макмал алтын кени кайрадан ишин баштады. Айыл тургундары бул кабарды кубануу менен кабыл алышты. Анткени, комбинат Тогуз-Торо районунун бюджетинин дээрлик 95%ын түзөт. Бул жерде беш жүзгө жакын адам эмгектенет. Келечекте өндүрүш кеңейтилип, жумушка тартылган жергиликтүү тургундардын саны кыйла көбөйөт.

1-июлдан тарта кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочу жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны милдеттүү колдонууга өтөт. Учурда 3 миңге жакын компания электрондук эсеп-фактура менен иш алып барууда. Тутумга кошулуу канчалык маанилүү?

Өзгөчө абал режими эпидемиологиялык абал өтө начарлап кеткен учурда киргизилет. Өкмөт бул кырдаалга жеткирбеш үчүн болгон аракетин жумшап жатат. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Өкмөт башчы 118 кызматынын линиясы менен мобилдик топторун дагы да көбөйтүүнү тапшырды. Ошондой эле колл-борбордун операторлору элге психологиялык жардам дагы бериши керектигин белгиледи.

Ал эми Ошто талаа шартында дарылоочу обсервациялык жай ачылды. Эпидемиологиялык абалды жөндөө,коронавирус илдетин жоюу жана мындан ары жайылуусуна бөгөт коюу максатында Ош шаарында кошумча 240 орундуу обсервациялык шаарча ачылды. Ал жайда бейтаптарды кабыл алуу,текшерүү жана дарылоо үчүн баардык шарттар түзүлгөн.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун кайрадан эң көп учур 250 жаңы бейтап катталды. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында жаңы илдетке кабылгандардын 99 пайызы оорулуулар менен байланыш аркылуу жуктургандар.