Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Вирус жуктургандарга караганда, илдеттен айыккандар арбыды

Амантур мырзага кол сунам деген боорукер жарандар үчүн Амантур мырзанын телефон номери: 0505 201 — 179

Бул алкакта; 2020-жылдын 29-июль күнү Түркия-Кыргызстан Ишкерлери, Маданият, Тилектештик жана Достук Коому (ТҮКИД) жана “Ата Групп”, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Мамлекеттик ооруканага 10 даана кычкылтек концентратору жана саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн “Ата Групп” өзүнүн продукцияларын берди.

Бахшан айыл-чарба продукциялары Башкаруу Кеңешинин Төрагасы Хусаметтин Мемиш жана “Дан Арго” фирмасы тарабынан 100 даана кычкылтек концентратору жана 2 тез жардам грант кылды.

8 жылдан бери Кыргызстанда иш алып барып келген “Арыкан Иншаат”, ортогу “Арыкан Инвест” жана көмөкчүсү “Кыргыз Бетон”, “Shagyl Tash” фирмалары аркылуу Түркиядан 35 даана дем алдыруучу аппарат алынып келинди.

Муну менен катар ТҮКИД, “Дан Арго” жана ТИКА колдоосу менен жасалып жаткан жардамдар уланууда.

Бул жолу Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сары-Коо айылында убактылуу ачылган стационарга, Бишкек шааарындагы улуттук ооруканага, Бишкек Нан комбинатында ачылган убактылуу стационарга кычкылтек концентраторлору берилди.

Булар менен катар, 30-июль-Кыргызстанда Улуттук аза күтүү катары кабыл алынгандыгына байланыштуу Элчиликте мамлекеттик туу жарымына чейин түшүрүлүп, Кыргыз бир туугандарыбыздын аза кайгысын тең бөлүштүк.

COVID-19 коронавирус илдетинен улам жарык дүйнө менен кош айтышкандарды Аллах ырайымына алуусун тилөө менен бирге, жакындарына сабыр тилейбиз.

Саламаттык сактоо тармагынын баатыр кызматкерлери баш болуп, илдетке каршы күрөшүүдө салым кошуп жаткан баардык тиешелүү кишилерге жана мекемелерге ыраазычылык билдирип, аларга күч-кубат каалайбыз.

Урматтоо менен билдиребиз.