Шаршемби, 1 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Пандемияда иштеген дарыгерлер сыйланат. Алар кимдер?

Адамды адам кылган асыл эмгек. Пандемия учурунда ден-соолугун тобокеликке салып, жан аябай иштеген дарыгерлер аз күндө өлкө башчынын колунан сыйлык алышат.

Учурда аралыктан окуу үчүн телесабактар даярдалып, мугалимдерге вебинарлар өтүлүп, бул жагынан да даярдыктар жакшы жүрүүдө.

COVID-19 коронавирустук инфекциясынын мүмкүн болуучу экинчи толкунуна даярдык көрүү максатында өлкө аймагында 14 саламаттык сактоо объектилеринин курулушу жана оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул жөнүндө бүгүн өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда Архитектура, курулуш жана турак жай — коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Урматбек Көкөчаров билдирди. Ал ошондой эле быйылкы жылга 69 мектептин курулушун бүткөрүү пландалганын кошумчалады.

Ошто жугуштуу илдеттерди кабыл алуучу эки оорукана курулууда. Алар Ош шаарында 100 орундуу жана Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылында курулуп жаткан 150 орундуу оорукана. Аталган саламаттыкты сактоо мекемелеринде заман талабына ылайык бардык шарттар каралган. Курулуш иштерин тез арада бүтүрүү пландалып, 31-август күнү пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Анда пандемия учурунда тыным албай иштегендер «Даңк» медалы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышат жана дарыгерлерге «Эмгек сиңирген дарыгер» наамы ыйгарылат.

Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгына карата «Пирамида» телеканалы репортаждар сериясын даярдап жаткан учуру.

Бишкек шаарына газ менен жүргөн 100 автобус алынат. Бул жөнүндө Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Хакимов билдирди. Жаңы автобустар шаардын борбордук бөлүгүндө иштеген кичи автобустардын ордун толуктайт. Анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар каралган.

Коронавирус пандемиясынын эпкинин басаңдатууда ыктыярчылардын ролу чоң. Алардын арасында жеткинчектер да бар.

Премьер-министр мектептерди сапаттуу интернет, ал эми айылдык администрацияны роутерлер менен камсыз кылууну тапшырды. Өкмөт башчысы өлкөнүн медициналык мекемелерине санариптик технологияларды киргизүү планын 100% аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жаңы түзүлгөн милициянын кайгуул кызматы өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Кайгуул кызматына жарандардын кайрылуусу 50 пайызга көбөйгөн. Бул жөнүндө бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимовду жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алган учурда белгилүү болду.

Кыргызстандын эгемендүүлүк алган күнүнө 5 күн калды. Өлкөнүн 29 жылдыгын белгилөөнү утурлай «Пирамида» каналы репортаждар сериясын сунуштайт. Кезектеги материал Кыргызстандагы жарандык коом жөнүндө болот.

Жаңы 113 учур. Өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны азайганы менен аны жуктуруп алгандардын саны суткасына 100дөн төмөндөй элек. Айрым чет өлкөлүктөр бул илдетти жеңдик деп сүйүнүч кабарын таратып жатышса, кээ бирлери коронавирусту экинчи ирет жуктуруп алганын айтышууда.

Ош шаарынын Анар жана Төлөйкөн кичи шаарчасына аллея курулуп жатат. Р. Абдыкадыров көчөсүнүн эки тарабын жашылдандыруу боюнча долбоор мындан бир ай мурда башталган. Буга чейин соода күркөлөрү жайгашкан көчө эми жашоочулардын эс алуучу жайына айланат.