Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Чыңгыз Айтматов Будапештте даңкталды

Сооронбай Жээнбеков Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин өкүлчүлүгүнө да барды. Анда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган фотокөргөзмөгө күбө болду. Ошондой эле, өлкө башчысы Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземине катышты.

28-29-сентябрь күндөрү расмий сапары менен Венгрияга барган Президент Сооробай Жээнбеков бүгүн таң эрте Бишкекке кайтып келди. 2 күнгө созулган расмий сапардын алкагында өлкө башчысы Будапешт шаарында Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, Президенти Янош Адер, жана аталган өлкөнүн Улуттук Жыйынынын төрагасы Ласло Кёвер менен жолугушту. Расмий визиттин алкагында Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Сооронбай Жээнбековдун расмий визитинин алкагында Кыргыз-венгер өнүгүү фондун түзүү жөнүндө Меморандумга, жалпысынан эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча 12 документке кол коюлду. Президенттин Венгрияга расмий сапарында дагы кандай келишимдерге жетишилди?

Коронавирустун онкологиялык ооруканага жетиши дарыгерлердин түйшүгүн эки эсеге жогорулаткан. Ага карабай, бейтаптарды дарылап жетишкен дарыгерлерге эртең мамлекеттик деңгээлдеги сыйлыктар ыйгарылат. Алардын арасында дарыгер-онколог Султан Стамбеков да бар.

Өкмөт үйүндө 2021-жылдын бюджети каралды. Кеңешмеде республикалык бюджеттин ушул жыл менен келерки жылдын киреше-чыгашалары жана республикалык бюджеттин тартыштыгынын чектик өлчөмү белгилүү болду.

Дүйнөдө коронавирус илдетин 33 миллиондон ашык киши жуктуруп, 23 миллиондон ашык бейтап сакайып, 1 миллиондон ашык киши каза болду. Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө кайрадан чек аралар жабылып, ар кандай чектөөлөр киргизилүүдө. Кыргызстанда да эпидкырдаал курчуп баратат.

Акыркы эки жылда Кыргызстанда 122 айылга таза суу жеткирилди. Жумуштар бүгүн да кызуу уланып жатат. Токтогул районундагы Үч-Терек жана Кара-Тектир айылдарында да эскилиги жеткен таза суу тутумдары толугу менен алмаштырылууда. Ал келерки жылдын август айында колдонууга берилет.

2020-жылдын 24-августунда Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошкондорду сыйлоо боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын «Анестезиология жана жандандыруу» кафедрасынын башчысы Жамиля Чынгышева «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» наамына ээ болду.

Баткен облусунун Лейлек районуна караган Кулунду айыл өкмөтүндө эки балдар бакчасынын курулушу жүрүүдө. Муну менен чек арага жакын жайгашкан аймактын бала бакчага болгон муктаждыгы 100 пайызга жоюлат. Аталган курулуштар Республикалык бюджеттин эсебинен жүрүүдө.

Кыргызстандыктар КМШ өлкөлөрүнүн ичинен электр энергиясы эң арзан мамлекет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет. Андан сырткары, күйүүчү майларга болгон баалар да арзан. Серепчилер да баалар чындыгында арзан жана туруктуу деп, ушул бойдон калышы керек деген ойду айтышат.

Коронавирус илдетин жуктургандардын саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу Республикалык ыкчам штаб жарандарга карантин режими күчүндө экенин эскертет. Муну менен катар штаб эл чогултуп той өткөргөндөргө катуу чара көрүлөрүн эске салат.

Венгерлер да кыгыздар сыяктуу эле көчмөн калк. Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келип, бул оюндарда венгерлер активдүү катышып, өздөрүн күчтүү команда катары көрсөтө алган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери алты ай өттү. Вирусту жеңүүдө бир топ ийгиликтерге карабастан, ал дагы эле олуттуу коркунуч бойдон калууда. Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө экинчи толкун башталып, ири шаарларда кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилип жатат. Кыргызстанда да коронавирус жуктургандардын саны кайрадан өсүүдө.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларация — эки өлкөнүн эки тараптуу кызматташуунун жаңы баракчасы. Бул тууралуу Венгрияга эки күндүк расмий визит менен барган Президент Сооронбай Жээнбеков Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу айтып жатып билдирди. Мамлекет башчысынын сапарынын алкагында Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен расмий жолугуп, Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлду. Ошондой эле, эки өлкөнүн ишкерлери катышкан бизнес-форум өттү.