Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Президенттин окуучуларга болгон камкордугу

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы № 87-орто мектебине барды. Президент мектеп босогосун аттаган балдарды Билим күнү менен куттуктап, аталган мектептин мисалында билим берүү тутумун санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Бүгүн өлкө боюнча 156 миңден ашуун окуучу 1-класстын босогосун аттады. Пандемия учурундагы кырдаал эске алынып, мектептерде биринчи коңгуроо жыйыны уюштурулбастан сабактар дароо эле башталды. Жаңы окуу жылынын алгачкы чейрегин салттуу түрдө 1-класстар гана билим ала алышат. Борбор калаадагы мектептерде Билим күнү кандай тартипте белгиленди?

Шайлоолордун таза өтүшү — өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнүн негизги шарты. Муну айткан президент Сооронбай Жээнбеков жакында шайлоого аттана турган партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди үгүт иш-чараларында мыйзамды так сактоого чакырды. Мына ушул жана башка маселелер бүгүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында талкууланды.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жазы-Кечүү айылына алгачкы жолу электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы билдирди. Жазы-Кечүү айылы Базар-Коргон районунун борборунан 110 чакырым алыстыкта жайгашып, анда 150 түтүн, 600дөй адам жашайт.

Ошто да жаңы окуу жылы башталды. Бул жылы облуста 28миңге жакын,Ал эми Ош шаарында 5500гө жакын бала 1-класстын босогосун аттады. 1-класстар үчүн ар бир мектепте алгоритмдин негизинде шарт түзүлгөн. Аралык сакталып, беткап менен бир класста 20дан аз окуучу билим алат.