Бейшемби, 18 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында калды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш иши кайрадан каралды. Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылды. Сот отурумуна мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеев сотко өтүнүч келтирип, мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди азыр кармалып жаткан тергөө абагында калтырууну суранган.

1-сентябрдан тарта Бишкек шаарында коомдук транспорт мурдагыдай режим менен иштей баштады. Бирок учурдагы кырдаал эске алынып, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө санитардык эрежелерди так сактоо боюнча талаптар күчүндө калтырылды. Коюлган эрежелер аткарылбаса катуу чаралар көрүлөрү буга чейин эле бир нече ирет эскертилген.

Республикада эпидемиологиялык тенденция жакшырып, илдетке кабылгандардын саны азайып жатат. Муну менен катар эле акыркы суткада илдеттен каза болгондор дагы катталган жок.

2020-жылдын 2-сентябрынан баштап кыргыз-өзбек чек арасы ачылды. Эки өлкөнүн чек ара өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын кирип-чыгышына коюлган чектөөлөр алынды. Бирок санитардык-эпидемиологиялык талаптарын кынтыксыз аткаруулары зарыл.

Азыр шайлоо өткөрүү боюнча процесстер жүрүп жатат. Президент буга чейин негизги максаттардын бири — бул шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүп, эң негизгиси элдин келип, эркин, каалаган партиясына добуш беришин камсыз кылуу экенин билдирген. Ал эми коомдук ишмерлердин айтымында таза шайлоо өткөрүү үчүн мамлекет тарабынан бардык керектүү шарттар түзүлдү. Болгону партиялар жана коомчулук тарабынан шайлоону таза өткөрүү маселеси калды.