Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Келечекти эл тандайт

Серепчилердин айтымында, өлкө башчы өзү башында туруп, шайлоону өткөрүүдө административдик ресурс колдонгондор, кызматынан кыянаттык менен пайдалангандар жана үгүт иштерине катышкан мамлекеттик кызматкерлер катуу жазаланарын айткандыгы таза шайлоо өтөөрүнөн кабар берет. Ошондой эле, серепчилер эми жакынкы 5 жылдык келечекти тандоо элдин колунда экенин айтышууда.

Өлкөдө акысыз түрдө электрондук кол тамга берүү өнөктүгү башталды. Буга “Санарип Кыргызстан 2019-2023” концепциясын ишке ашыруу негиз болду. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” ишканасы жарандар жөнөкөй маалымкаттардан баштап паспортко чейинки документтерди үйдөн чыкпай эле электрондук кол тамга аркылуу алууга ыңгайлуу шарт түзүп берди.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү багытында иш-аракеттер уланууда. Анын ичинде кайра иштетүүчү ишканаларга көңүл бурулууда. Ошондой эле, калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында да иш-аракеттер жүрүүдө. Өлкө башчысынын Чүй облусуна болгон иш сапарында мына ушул жана башка маселелереге көңүл бурулду.

Пандемия учурунда жарандык милдетин так аткраган ыктыярчыларга алкыш жарыяланды. Президент пандемияда ыктыярдуу түрдө эмгектенген улан-кыздарды коронавирус менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн мамлекеттик деңгээлдеги алкыш барагы менен сыйлады.

Кафе, ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Өкмөт башчы тийиштүү түзүмдөргө кафе-ресторандардагы иш-чаралардын өтүүсүн көзөмөлдөөнү, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде, транспортто рейддерди өткөрүүнү күчөтүүнү тапшырды.

Ал эми Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы да санарип тутумуна өтүп, калкка үзүрлүү кызмат көрсөтүп жатат. Электрондоштуруу аркылуу коррупциялык көрүнүштөр азайып, кезек күтүү маселеси да жоюлат. Ал эми жарандардын документ иштеринде убакыты үнөмдөлөт. Бул багытта аймактарда кандай жумуштар жүрүп жатат?

Бексултандын акыбалына кайдыгер карабаган инсандар учун апасынын номери: 0509181837