Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кара-Кулжалык дыйкандар сугат суу менен толук камсыз болушат

Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагында ири ирригациялык долбоор ишке ашып жатат. Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 5,5 чакырым сугат суу системасы реабилитацияланат. Азыркы учурда каналдарды тазалоо жана жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө. Долбоор аркылуу Кашка-Жол айылындагы дыйкандар сугат суу менен толук камсыз болушат.

Өлкөдө комуз жумалыгы старт алды. Жумалыктын алкагында залкар комузчулар эскерилип, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жана комузчулардын катышуусу менен илимий-практикалык конференция, «Таңшы, комуз» аттуу онлайн гала- концерт, “Комуз менен ырдайбыз” акциясы жана видеосабактар уюштурулат. Саамалык 13-сентябрга чейин уланат. Т

Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандарды дарылоонун кезектеги — төртүнчү протоколу бекитилип, колдонула баштады. Башкы пульмонолог Талант Сооронбаевдин айтымында, дарылоонун сапаттуу ыкмаларын камтыган клиникалык колдонмо эл аралык тажрыйбалардын жана алдыңкы илимий изилдөөлөрдүн негизинде иштелип чыккан. Жаңы протоколду дарыгерлерге жеткирүү үчүн ак халатчандар учурда кайра даярдоодон өтүп жатат.

Бириккен улуттар уюмунун электрондук өкмөттү өнүктүрүү деңгээли боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунду ээлеген. Ал эми дүйнөдөгү БУУнун Е-өкмөттү өнүктүрүү индексинде 193 мүчө мамлекеттин ичинен Кыргызстан 83-орунга ээ болгон.

“Кепилдик фонду” ишкерлерди колдоо максатында 1 миллиард сомдук программаны баштады. Бул тууралуу башкармалыктын төрагасы Малик Абакиров билдирди. Анын айтымында, программа өкмөттүн коронавирустун экономикага терс таасирин азайтуу боюнча антикризистик планынын алкагында жүзөөгө ашырылат.