Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Үгүт ишине аралашкан мамлекеттик кызматкер катуу жазаланат

Үгүт иштерине аралашкан укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү кызматтан бошотулуп, катуу жазага тартылат. Бул тууралуу Коопсуздук Кеңешинин 1-сентябрында өткөн жыйынында маалымдалган.

Азырынча Кыргызстанда эпидемиологиялык абал жакшырды деп айтууга эрте. Анткени дүйнө жүзүндө коронавирустун экинчи толкуну жүрүп жатат. Европа мамлекеттеринде күн сайын үч миңге чукул жаңы учурлар катталып жатканын адистер билдирип, белгиленген санитардык нормаларды сактоо зарыл экендигин эскертишүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу жер ресурстар башкармалыгы борбор калаадагы жер тилкелерин ижарага алып, бирок көп убакыттан бери ижара акысын төлөбөй жаткан ишкерлерге эскертүү берди. Бир канча убакыттан бери ижара акысын төлөнбөй жүргөн айрым ишкерлердин карызы бир кыйла өсүп, туум кошула баштаган. Эгерде эскертүүгө карабай карыздар төлөнбөсө, анда жер ресурстар башкармалыгы катуу чаралар көрүлөрүн, керек болсо жер тилкеси кайра мэрияга алынып, иштери токтотуларын эскертти.

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун брифинг өткөрүп, анда пандемия маалында социалдык-экономикалык багытта жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал күз-кыш мезгилине болгон даярдыктар тууралуу айтып, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды күчөтпөө үчүн жасалып жаткан аракеттерге токтолду.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту Башкы прокуратура камсыз кылат. Прокуратура органдары жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-булактарындагы билдирүүлөргө жана жарыяларга мониторинг жүргүзүүнү күчөттү. Бул шайлоо мыйзамдарында бузуулар жөнүндө келип түшкөн арыз-даттанууларды ыкчам кароо үчүн түзүлдү. Буга ылайык, өлкөнүн бардык аймактарындагы прокуратураларда атайын штабдар түзүлүп, шайлоочулардын добушун сатып алуу аракеттерин катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы да коюлду.

Пандемия күчөгөн учурда Чолпон-Ата шаарынын аймактык ооруканасы тар болгондуктан бардык бейтаптарды кабыл ала алган жок. Буга байланыштуу дарыгерлер оорулууларды күндүзгү стационарда дарылашты. Республикалык бюджеттен 21 миллион сом бөлүнүп, оорукана кеңейтилди. Курулган жаңы имарат жакында пайдаланууга берилет.

7-сентябрдан тарта өлкөдө комуз жумалыгы башталды. Мунун алкагында комуз күүлөрү боюнча илимий конференциялар өткөрүлүп, залкарлар эскерилет. Ошондой эле, «Таңшы, комуз» аттуу онлайн гала-концерт, «Комуз менен ырдайбыз» акциясы, «Залкар комузчулардын табериктери» деген баяндар уюштурулат. Комуз жумалыгынын алкагында Ош шаарында Ныязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайда иш-чара болуп өттү. Эрмек Муратбек уулу иш-чара жөнүндө материал даярдаган.