Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Балык өстүрүүнүн сырын тапкан ишкер

Кемин районунда экспортко багытталган «Кыргыз форель» жоопкерчилиги чектелген коом иштеп жатат. Анда форель балыгы өстүрүлүп, Казакстанга жана Орусияга экспорттолууда. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында 300 тонна балык чет өлкөгө экспорттолгон.

Учурда чет өлкөдө жүргөн же жашап жаткан Кыргызстандын жарандары үчүн 44 шайлоо тилкеси ачылды. Ал эми шайлоого катыша турган мекендештердин саны 20 миңге чукулдады. Тизмени түзүү 19-сентябрга чейин уланат.

Дүйнөдө 28 миллиондон ашык киши вирусту жуктурду, алардын жарымы Америка континентинде. Учурда Индия, АКШ жана Бразилияда вируска кабылган жарандардын саны тез өсүп жатат. Бул арада Орусиянын жарандары коронавируска каршы вакцина алып жатышат.

Кафе-ресторандарда өткөрүлүп жаткан иш-чараларда адамдын саны 50дөн ашпаш керек. Бишкекте санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөл күчөтүлүп, дем алыш күндөрү Ички иштер министрлигинин, Санитардык-эпидемиологиялык станциясынын жана борбор калаанын мэриясынын өкүлдөрү рейддик иш-чараларды өткөрүштү.

Нарын шаарында жалпы наркы 45 млн сомду түзгөн жугуштуу илдеттер ооруканасы курулуп жатат. Ал ар кандай жугуштуу ооруларды дарылоого ылайыкталып жасалгаланууда. Ошондой эле, жандандыруу бөлүмү дагы каралган.

Бүгүн дагы 101 мекендешибиз коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Буга чейин ооруну жуктургандардын дээрлик 91 пайызы илдетти жеңди. Өткөн сутка аралыгында каза болгондор катталган жок.

Аймактарды өнүктүрүү — мамлекеттин приоритеттүү багыты. Алсак, элетте медициналык имараттар, билим берүү мекемелери жана өндүрүш ишканалары ачылууда. Карапайым калкка шарт түзүү Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда да жүрүүдө.