Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстандын чек ара тутумдарын башкаруу жакшыртылат

Борбор калаада Борбордук Азиядагы Чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасынын 9-этабынын жыйынтыктоочу конференция уюштурулду. Регионалдык башкаруу тобунун жыйыны онлайн форматта өттү. Анда Борбор Азия аймагындагы Чек араларды башкаруу тутумун жакшыртуу, миграция, соода жүгүртүүнү жеңилдетүү сыяктуу бир нече маселелер каралды. Онлайн конференция Европа Биримдигинин мүчөлөрүн, андагы мамлекеттердин элчиликтерин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн башын бириктирди.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу февраль айынын башынан тарта чек араларда вирустун жайылышына жол бербөө максатында “Торугарт” өткөрмө пунктунун иши убактылуу токтотулган. Бир нече ай тыныгуудан соң аталган өткөрүү пункту санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо менен кайрадан өз ишин жандандырды.

Чүй облусунун Жээк айылында ички чарбалык суу каналдары реабилитациалоодон өтүп, жаңы бетон арыктар салынууда. Жыл аягына чейин иштин 60 пайызын бүткөрүү пландалган. Долбоорго 58 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле Кант шаарында калкты таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында «Таза суу жана канализация түтүкчөлөрүн реабилитациалоо» долбоору ишке ашып жатат. Кант шаарындагы эскилиги жеткен суу түтүктөрү алмашылып, жаңы автоматташтырылган кубаттандыруучу насос салынган.

Коронавирус күч алган маалда ооруканалардагы орундуктардын жетишсиздиги байкалды. Пандемияда өлкө аймагында дээрлик бардык медициналык пунктарда иш жүргүзүү кыйын болду. Кошумча койка-орундуктарга болгон муктаждыкты сезген Ат-Башылык эл өз каражатына стационар курду.

Кыргызстанда билим берүү системасын санариптештирүүнүн алкагында маалыматтык система иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө аталган системада студенттер, окутуучулар менен тарбиячылар болуп жалпысы 1,5 млн адамдын маалыматтары камтылды. Электрондук база жыл аягына чейин «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү электрондук системасына кошулат.

Чүй аймактык ооруканасынын 2 кабаттуу балдар бөлүмүнүн курулушу аяктоо алдында турат. Бул оорукана Кувейт мамлекетинин кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, 6,2 млн сом бөлүнгөн. Ал эми Кант шаарында жайгашкан облустук китепканада мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн компьютердик сабаттуулукту жогорулаткан атайын бөлмө ачылган. Ал жерге мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар каалаган убактыларында келип интернетке кирип, компьютер үйрөнө алышат.

Алай районунда бир катар долбоорлор ишке ашууда. Бул аркылуу элеттиктердин көйгөйлөрү чечилип жатат. Алсак, Гүлчө шаарына таза суу тартуу иштери аткарылып, тургундардын 90% суу менен камсыз болду. Мындан сырткары билим берүү жана ирригация маселелери да кезеги менен чечилүүдө.

Чүй районуна караштуу Кошкоргон айылындагы Туйту Каракеев атындагы 350 орундуу орто мектептин курулуш иштери жана Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан мурунку оорукананын имаратын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга аткарылды. Оорукана атайын коронавирус илдетин жана жугуштуу ооруларды дарылоого ылайыкталган.