Шейшемби, 16 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ошто бала бакча тартыштыгы чечилүүдө

Ош шаарында эки бала бакчанын курулушу бүткөрүлүп, наристелерди кабыл алууга даяр турат. Мындан сырткары 3 бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Ошондой эле, Ак-Буура дарыясынын жээктери бекделип, кооздолууда. Түштүк борбордо спорт мекемелери да курулуп жатат.

Коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жок кылуу боюнча Жаңы Мамлекеттик стратегиясынын долбоору жакын арада Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралат. Стратегиянын долбоору жемкорлук менен натыйжалуу күрөшүүгө багытталган. Ал өзүнө антикоррупциялык чараларды иштеп чыгууну жана киргизүүнү камтыйт. Ошондой эле, жемкорлукка каршы саясатты күчөтөт.

Айтматов тууралуу «Талаалардын ойгонушу” аттуу китеп түрк тилинде жарык көрдү. Китеп эки томдон турат. Ар бир том 600 баракты камтып, ага 30 га жакын мамлекеттердин окумуштууларынын Чыңгыз Айтматов тууралуу макалалары жарыяланган.

Октябрь айыл аймагында “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду ата-энесинен айрылып калган балдарга социалдык турак жай куруп берүүдө. Мында жалпысынан 152 үй-бүлө турак жай менен камсыз болот. Жанында жаңы салынган мектеп, ФАП, мечит, дүкөн, тигүүчү цех жана башка социалдык объектилер да курулат. Ошондой эле Кашка-Суу айылындагы мектепке кошумча 100 окуучуга ылайыкталган окуу корпусу тургузулууда.

Өкмөт кризистен кийин ата мекендик ишканаларды колдоо максатында кураторлук механизмин киргизди. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү жана инвестициялык долбоорлор боюнча өткөргөн кеңешмеде билдирди. Бул механизм ишканалардын маселелерин ыкчам жана сапаттуу чечүүгө, аларга өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал режиминен кийин шарттарды түзүүгө багытталды. Ошондой эле экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө жана ишкердик субъектилерин колдоону шарттайт.

Аймактарды өнүктүрүү жылында Талас облусунда да албан иштер аткарылууда. Алсак, Талас районундагы Көк-Ой айыл өкмөтүндө суу топтоочу жай деген аты гана калып, көп жылдан бери тазаланбай, тайыздап калган жайдын ичи тереңдетилип казылып, колдонууга берилди. Натыйжада, какшып калган талааларга суу берилди.

Санариптештирүү саясаты саламаттык сактоо тарамагында этап-этабы ишке ашып жаткандан бери жарандарга жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүлө баштады. Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат базалары түзүлгөндүктөн кагаз толтуруу жоюлуп, бюрократиялык тоскоолдуктар азаюуда.

Борбор калаада жаңы курулуп жаткан ар бир имараттын мыйзамдуулугун аныктоо күчөтүлөт. Буга ылайык, мамлекеттик экотехинспекция жаңы сайтын жана жаңы мобилдик тиркемесин иштеп чыкты. Ар бир курулуп жаткан имарат эми мекеменин порталына катталып турмакчы.