Шаршемби, 1 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстан-Россия: Өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча кызматташтык мындан ары да тереңдейт

Президент Сооронбай Жээнбеков Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушуп, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында интеграцияны тереңдетүүнүн келечеги талкууланды.

Шаар бийлигинин алып барган иштерине мониторинг жүргүзүү үчүн “Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашырууга жарандардын катышуусу” аталышындагы долбоор түзүлгөн. Бул долбоор пилоттук негизде Кара-Балта жана Каракол шаарларында старт алды. Анын негизинде 14 иш-чарага жана объектилерге мониторинг жүргүзүлүп, 4 муниципалдык кызматка баа берилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Анда стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында интеграцияны тереңдетүүнүн келечеги талкууланды. Жолугушууда дагы кандай темаларда сүйлөшүүлөр болду?

Талас облусунун Манас районундагы Нылды айылында жаңы мектеп салынып жатат. Буга чейин жергиликтүү окуучулар авариялык абалдагы мектепте окуп келген.

Бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектептин курулушу каржыланууда. Анын 7си Чүй облусунда, дагы 7си Бишкекте жана бир мектеп Ош шаарында курулууда. Аны ишке ашырууга атайын эсептен жалпы 799 млн сом бөлүнгөн. Жакынкы күндөрү 3 мектептин имараты пайдаланууга берилет. Калган 12 мектептин курулуш иштери жыл аягына чейин бүткөрүлүп, эксплуатацияланат. Андан сырткары, буга чейин авариялык деп табылган 29 мектепте оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, калыбына келтирилет.

Региондордун өнүгүшү — жалпы мамлекеттин өнүгүшү. Бүгүнкү күндө Өкмөт бул багытта ишти күчөттү. Бирок, коюлган максатка аймактарды өнүктүрүүгө инвесторлордун жардамысыз жетишүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусундагы Терек-Сай кениндеги алтынды калыбына келтирүүчү фабриканын капсуласын салуу аземинде билдирди.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында таза суу маселеси чечилүүдө. «Аристин» атайын долбооруна ылайык, аймакка 100% таза суу жеткирүү иштери жүрүүдө. Азыркы учурда куурларды алмаштыруу, үйлөрдү туташтыруу иштери кызуу аткарылып жатат. Ал эми жергиликтүү бийликтин демилгеси менен ички жолдор асфальтталууда.