Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Казакстанда Кавасаки синдромуна окшош оорудан эки бала чарчап калды

Кыргызстанда Кавасаки синдрому катталган жок. Бул тууралу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. Министрлик балдардын арасында СOVID-19дун алдын алуу жана дарылоо боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүүдө. Ал эми коңшу Казакстанда 41 бала Кавасаки синдромуна окшогон мультисистемалык ооруга чалдыкты.

1-октябрь эл аралык карылар күнү. 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы бул күндү расмий майрамдардын катарына киргизген. Ошол күндөн тарта дүйнө эли бул майрамды салттуу түрдө белгилеп келет. Бүгүн майрамдын урматына иш-чара уюштурулду.

“Жашыл” экономика жана экологиялык дипломатияны илгерилетүү, Кыргызстандын тышкы саясатынын эң маанилүү багыттарынын бири бойдон сакталат. Бул тууралуу, Президент Сооронбай Жээнбеков күн мурун Нью-Йоркто өткөн “Биоартүрдүүлүк” боюнча саммитте жасаган видеокайрылуусунда билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков дарыгерлерге жана коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Сыйлыктар менен медиктер, ошондой эле пандемия менен күрөшкө тартылган куткаруу кызматынын, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттери, журналисттер сыйланышты.

Билим берүүчү мекемелердинде жылуулук көйгөйлөрү жаралбашы керек. Бүгүн өкмөт башчы Кубатбек Боронов кезектеги маалымат жыйынында жергиликтүү башкаруу орган жетекчилерине кышка даярдануу тапшырмасын берди. Ошондой эле, Премьер-министр алдыдагы шайлоодо санитардык талаптар менен саясий туруктуулуктун сакталышын көзөмөлдөөнү тапшырды.