Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргыз-өзбек чек арасынан өтүүдө жаңы алгоритм иштей баштады

2020-жылдын 2-сентябрында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы ачылган. Андан бери эки өлкөнүн чек ара өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын кирип-чыгышына коюлган чектөөлөр алынган. Бирок коңшу өлкөдөгү коронавирус оорусу көбөйүп жаткандыгына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык талаптар күчөтүлдү.

Борбор калаада жергиликтүү бюджеттин эсебинен 198 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат. Андагы иштер дээрлик 97 пайызга аяктап калды. Мектеп бир жумадан соң пайдаланууга берилет.

Баткен облусунда инвесторлордун жардамы менен бир нече социалдык объектилердин курулушу жүрүп жатат. Алсак, Баткен шаарында 375 орундуу, Кызыл-Кыя шаарында атайын чоң комплекс курулду.

Токмок шаарында каралбай калган оорукана капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Оңдолгон бөлүк эми Токмок аймактык ооруканасынын бир бөлүгү болуп калат. 216 орундуу ооруканага медициналык жабдыктардын келиши күтүлүп жатат.

Жогорку Кеңешке аттанган саясий партиялардын үгүт иштери саналуу күндөн кийин токтойт. Коомчулукта алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын үгүт өнөктүгү саясий атаандаштыкта жүргөндүгү айтылууда. Шайлоонун таза жана ачык өтүшүнө буга чейинки кабыл алынган шайлоо мыйзамдары өбөлгө түзмөкчү. Ошондой эле, шайлоонун калыстыгына жана ишенимдүүлүгүнө жетишүүдө санарип технологиялары колдонулууда. Мындан сырткары, парламенттин VII чакырылышындагы мандат үчүн күрөшкө катышып жаткан партияларга олуттуу саясий өнөктүк учурунда үгүт иштерин жүргүзүүдө бирдей шарттар түзүлгөнүн саясат таануучулар ырасташууда. Президент Сооронбай Жээнбеков үгүт иши башталарда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, дал ушул шайлоо маселесин карап, укук коргоо органдарынан бардык партиялардын мыйзам сакташына бирдей көз салууну, реакция кылууну тапшырган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлган меморандум Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздү деп эсептешет экономика адистери.