Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өлкөдөгү стабилдүүлүк баарынан маанилүү

Коомдук ишмерлер маалымат жыйында кыргызстандыктарды ар кандай провокацияларга алдырбоону, туура чечим кылып, өлкөнүн келечегин ойлоого чакырышты. Алар жарандарды алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону тынч өткөрүп алууга үндөштү. Өлкөдө стабилдүүлүк болгондо гана чет өлкөлүк инвесторлор келерин, экономика өсөрүн жана өнүгүү болорун билдиришти. Алар ошондой эле саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылып, тынчтыкты сактоого жана тарапташтарын ар кандай акцияларга чыгарбоого чакырышты.

Парламенттик шайлоодо №2 форма аркылуу добуш берүүчүлөрдүн саны 441 010 адамды түздү. Алардын ичинен төрт-беш жолудан, жадагалса үч адам 22 жолудан арыз таштаган. Бардык маалыматтар иргелип, такталгандан кийин БШКнын акыркы эсебинде Кыргызстанда шайлоочулардын саны үч миллион 523 миң 554 адам болду. Бул көрсөткүч 2015-жылдагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна салыштырмалуу 700 миңден ашык адамга көбөйдү.

Пандемияда жарандардын ден соолугуна өзгөчө маани берүү — медицина кызматкерлеринин артыкчылыктуу багыты болуш керек. Бир дагы бейтапка квалификациялуу жардам берилбей калбашы шарт. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү медициналык мекемелердин жетекчилери менен жолугушкан учурда билдирди. Өкмөт башчы дарыгерлер менен медицина тармагындагы маселелерди талкуулады.

Карантин алынгандан кийин Кыргызстан 5 өлкө менен аба каттамын жандандырды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Учурда Кыргызстан Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары жана Россия каттамын жандандырган. Ошондой эле коңшу мамлекеттер менен аба каттамын жандандыруу чечими кабыл алынып, Өзбекстанга «Ташкент-Бишкек» жана Казакстанга «Алматы-Бишкек» багыты боюнча каттамдар жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны кайрадан көбөйүүдө. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде эпидемиологиялык абалдын курчушун алдын алуу аракеттери тууралуу айтып берди.

Бишкек-Будапешт түз аба каттамдары пайда болот. Буга Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга жасаган расмий иш сапары негиз болду. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу учурунда, жаңы аба каттамды жакынкы аралыкта ачуу тууралуу келишимге кол коюлду. Бирок, Бишкек-Будапешт түз аба каттамдары кайсы күнү ишке кирери так айтылган жок. Кабарчыбыз Айдар Темиралиев Кыргызстан-Венгрия түз аба байланышы өлкөгө эмне пайда бере тургандыгын билип көрдү.

Сооронбай Жээнбеков пандемияда илдет менен күрөшүп жатып каза болгон Адинай Мырзабекованын ата-энесине ага ыйгарылган «Эрдик» медалын тапшырды.