Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Добуш берүү учурунда катталган мыйзам бузуулардын бардыгы текшерилүүдө

Парламенттик шайлоодо өлкөнүн жакынкы беш жылдыктагы эле тагдыры эмес, бүтүндөй келечеги чечилет. Бул тууралуу Президент бүгүн Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берген учурда билдирди. Ал бүтүндөй дүйнө эли бул шайлоого көз салып тургандыгын айтып, бардык партияларга бирдей шарт түзүлгөнүн жана жаңы партиялардын шайлоого тең ата катышуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирди.

Ар бир шайлоо тилкесинде жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык тийиштүү шарттар түзүлдү. Ар бир добуш берүүчүнүн дене табы атайын адистер тарабынан текшерилип, беткабы жок шайлоочулар акысыз беткап менен камсыздалды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарындагы №11-05 шайлоо участогунда добуш берди. Боронов Өкмөт тарабынан шайлоону таза, ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн жана шайлоону тынч өткөрүп алуу негизги максат экенин кошумчалады.