Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ошто 92 миңдин тегерегиндеги шайлоочу добуш берди

4-октябрдагы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды тандоого Ош шаарынын тургундары активдүү катышты. Серепчилердин пикиринде, эл өз тандоосун жасады.

 

Түштүк борбордо Ош шаарынын 3020 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага шаар бийлиги, тургундары жана КОВИД-19 оорусу менен күрөшүүгө салымын кошкон жарандар катышты. Майрамдык салтанат кандай маанайда өттү.

Өкмөт 2014-жылы 5-октябрды Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү катары бекитип токтомго кол койгон. Эске салсак, буга чейин мугалимдердин жана кесиптик билим берүүнүн кызматкерлеринин күнү октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленчү. Анда мугалимдер майрамы ар кайсы күнгө туш келчү. 1994-жылдан бери дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекетинде 5-октябрь Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү катары майрамдалып келет.

Кыргызстандагы Жогорку Кеңешке шайлоодо жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн бардык зарыл делген шарттар түзүлгөн. Эл аралык байкоочулар саясий өнөктүктүн ачыктыгын, эркиндигин жана легитимдүүлүгүн тааныйт. Бул тууралуу эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда белгилешти. Мамлекет башчысы бардык эле өлкөлөрдөгүдөй болуп, шайлоо өткөрүүдө жер-жерлерде айрым бир кемчиликтер болгонун, алар ыкчам түрдө жоюлуп турганын баса белгиледи.

4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Шайлоо учурунда, мыйзам бузуу фактылары катталып, мүчүлүштүктөр кетсе дагы анын жыйынтыгы дээрлик көпчүлүктү канааттандырды. Саясат таануучулардын айтымында, буга чейинки парламенттик шайлоолорго караганда, VII чакырылыштагы депуттарды шайлоо таза жана ачык өткөн.

Жогорку Кеңешке шайлоодо утулган партиялар оппозициялык блок түзүү ниетин билдиришти. Бирок, саясий серепчилер парламентке оппозициялык маанайдагы талапкерлер көбүрөөк келиши үчүн эртерээк биригүү керектигин белгилешет.