Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өлкөгө тынчтык керек

Кыргыз элине белгилүү болуп калган аксакалдар учурда өлкөдө оор кырдаал болуп жатканын, тезирээк бул абалдан чыгуу үчүн мыйзам жолуна түшүү керек экенин айтышты. Ызы-чуу башаламандык мамлекеттин келечегине коркунуч келтирерин кошумчалашты.

«Пирамида» телеканалы штаттык тартипте иштей баштады. Эске салсак, кечээ телеканалды мыйзамсыз басып алуу аракеттери көрүлдү. Жыйырмага чукул бейтааныш эркек адам одоно мыйзам бузуу менен башкы директордун кабинетине кирип келишип, кызматын бошотууну талап кылышкан. Алар өзүнүн «элдик» талапкери бар экенин билдирип, телеканалда ызы-чуу салып турушту. Андан сырткары, эфирге чыгууга аракеттенип, эмгек жамаатын сөгүп, мазактап кемсинтишкен. Учурда абал салыштырмалуу турукташканын билдиребиз. Коллектив баскынчылардын мыйзамсыз амалдарына каршы кол чогултуп, коомчулукту мамлекеттик Жалпыга Маалымдоо Каражаттары боюнча түзүлүп жаткан кырдаалга адилеттүү баа берүүгө чакырат.

Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууда жаштардын салымы чоң. Мына ушул жаш муун президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоону талап кылышууда. Ошондой эле алар азыркы кызматка келгендерди тааныбайбыз деп, люстрация мыйзамын кабыл алууну талап кылып жатышат. Импичмент жана люстрация деген эмне?

Парламенттик шайлоонун боложолдуу жыйынтыгынан кийин, баш калаада митингдин жыйынтыгы кубанычтуу аяктаган жок. Бирок өлкөнүн тынчтыгын самаган жарандар, эртеси аянтта калган таштандыларды тазалап, ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү түзүлүп, массалык уурулукту алдын алуу аракеттери менен бүгүнкү таң борбордо бир аз турукташкансыды. Эскерте кетсек, кечээ түштөн кийин добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбаган партиялар кайрадан митингге келип, добуштарды кайра карап чыгууну талап кылышкан.

Учурда өкмөт башчы ким? Аткаруу бийлигин башкарууну эл кимге ишенет? Өлкөдө болуп жаткан кырдаалда мыйзам талаасында өкмөт кантип иш алып барышы шарт? Эң жакынкы арада абалды турукташтыруу үчүн эмне кылуу керек? Бул суроолорго жооп табуу үчүн учурда тараптар эки бөлөк ойдо турат.

Бишкектеги митинг убагында жаракат алгандардын саны 900дөн ашты. Жарымынан көбүнө медициналык жардам берлгендиктен, үйүнөн дарыланууга жиберилген. Эки жүздөй киши бейтапканада жатат. Тилекке каршы, 5-октябрда митингден алган катуу жараатынан улам 19 жаштагы жигит Улуттук госпиталда каза тапты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кайгуул кызматы, борбор калаанын аймагында коомдук коопсуздукту орнотуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө жүрүп жаткан кырдаалды пайдалануу менен ар кандай мыйзам бузууларды жасап, талап-тоноочулукка баргандар жоопко тартылат. Бул тууралуу, бүгүн Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, шаардын коменданты Курсан Асанов билдирүү жасады. Буга ылайык, өздүк курам коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти сактоону өлкөнүн бардык аймактарында күчөтүлгөн тартипте жүргүзүшүүдө.