Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Баткенде 172 гектар аянтка өндүрүш ишканалары курулат

Баткендеги өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө аракеттер жүрүүдө. Ал үчүн шаардык мэрия 172 гектар аянтты өндүрүш тармагындагы ишканаларды курууга бөлгөн. Азыркы учурда ал жайга ири тигүү цехинин, өрүктү кайра иштетүүчү логистикалык борборунун жана бир катар заводдордун курулушу жүрүүдө.

Өлкөдө күз, кыш мезгилдеринде сасык тумоо менен ооруган жарандардын саны арбый тургандыгы айдан ачык. Мындан улам адистер ден соолукка кам көрүп, иммунитетти чыңдоону сунуштайт. Ал үчүн вируска каршы турууда адам толук кандуу тамактануусу керек. Дарыгерлердин кеп-кеңештерин кабарчыбыз Мээрим Дүйшөналиева угуп келди.

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал начарлап баратат. Дарыгерлер абалдын курчушун жарандардын санитардык эрежелерди сактабай жаткандыгы менен байланыштырууда. Акыркы суткада эле COVID-19дун 298 жаңы учуру аныкталды. Жаңы учурлар Бишкек шаарында, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында көп катталууда.

Эксперттер Кыргызстанды агрардык өлкө катары эсептеп келишет. Акыркы убактарда ирригация маселелерин чечүү алдыңкы пландарга чыгып көптөгөн каражаттар сарпталууда. Ошондой орошон долбоорлордун бири катары Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Терек каналын айтсак болот. Көп жылдардан бери кагаз бетинде гана калып келген долбоорду ишке ашыруу учурда толук темпте жүргүзүлүүдө. Бул канал ишке берилсе, район аймагындагы миңдеген гектар аянттар өздөштүрүлөт.

Талкаланган таштамандар, жарактан чыккан көчө шамчырактары. Шайлоодон кийики окуяда Бишкек мэриясы 19 миллион сомго зыян тартты. Баш калаанын борбордук “Ала-Тоо” аянтында 5-октябрда өткөн окуядан пайдаланып массалык уурулук, талап-тоноолор да болбой койгон жок. Учурда мэриянын муниципалдык кызматкерлери калыбына келтирүү иштери менен алек.

Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режими киргизилди. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, өзгөчө тартип бүгүн кечки саат сегизден 19-октябрдын таңкы саат жетиге чейин созулат. Комендант болуп ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалды. Жалпы борбор калаанын кире бериштерине жыйырмага чукул блокпост орнотулду. Ал эми коменданттык сааттын убактысы 22:00дөн таңкы саат бешке чейин уланат.