Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бишкекте 3469 үй-бүлө көмүр сатып алуу үчүн акчалай компенсация алышты

Ордо калаада 3469 үй-бүлө көмүр сатып алуу үчүн акчалай компенсация алышты. Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, акчалай төлөмдөр 1-октябрга чейин өз даректерине жеткирилген. Ал эми «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын адистери быйылкы жылга пландалган көмүр запасынын жарымынан көбү базаларга ташылгандыгын маалымдайт.

Акыркы эки жылда өлкө аймагындагы 122 айылга таза суу жеткирилди. Жумуштар бүгүн да кызуу уланып жатат. Тогуз-Торо районундагы Атай жана Карл Маркс айылдарынын жашоочулары да таза суу менен камсыз болгону турушат. Жумуштардын 95 пайыздан ашыгы аткарылып бүттү.

Адистер коомдук тамактануучу жайларда санитардык нормаларды так сактоону эскертишүүдө. Киргизилген чектөөлөрдү аткарбаган жайларга учурда айып пул салынып, айрымдарына кылмыш иши козголуп жатат. Атап айтсак, эреже бузгандыгы аныкталган 850 объектке 2 млн сомго чукул айып пул салынган.

Алыскы аймактарда жайгашкан, кабелдик интернетти алып барууга мүмкүн болбогон 20 мектепке «Илимбокс» жабдыгы орнотулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. «Илимбокс» Wi-Fi байланышын тарата алат жана жабдыктын ичинде министрликтин бардык билим берүү ресурстары, электрондук китепканасы, окуучулар жана ата-энелерге башталгыч класстар үчүн иштелип чыккан 7 предмет боюнча электрондук программалык-методикалык комплекси жана башка программалар камтылган.

Ош шаарында ковид-19 оорусу кайрадан күч ала баштады. Буга байланыштуу 200 орундуу күнү-түнү иштөөчү стационар ачылды. Аталган илдеттин кайра күчөп жатканына байланыштуу тийиштүу кызматтар түшүндүрүү иштерин алып барып жатат. Ал эми санитардык норманы аткарбаган коомдук жайлар жабылууда. Оштогу азыркы абал кандай?