Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өкмөттүн жаңыланган курамы бекитилди

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлап, жаңы өкмөттүн курамын бекитип берди. 10-октябрь күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, анда Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып шайлаган. Андан кийин Парламенттин тийиштүү токтому президентке жөнөтүлгөн. Бирок кечээ мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кворум чогулган эмес деген жүйөө менен токтомду кайра артка кайтарган.

Кыргызстанда доллардын баасы кайрадан көтөрүлүп жатат. Анын көтөрүлүшүнө эмне себеп болууда? Өлкөдө “жашыл” валютанын наркынын көтөрүлүшүнүн канчалык зыяны жана пайдасы бар?

Кыргызстанда күндөн күнгө коронавирус жуктургандардын саны арбып баратат. Өткөн суткада 330 кишиден илдет аныкталды. Илдетти илештирлип алган 2 миңге жакын бейтап ооруканаларда дарыланууда. Адистер көпчүлүк адамдар оорунун канчалык кооптуу экенин дагы деле сезбей, санитардык нормаларды сактабай жатышат деп айтышууда.

OVID-19 маселелери боюнча “118” ыкчам байланыш кызматы кайрадан чалууларды кабыл ала баштады. Коронавирустун күч алуусу менен бирге колл-борборго жардам сурап кайрылгандардын дагы саны арбый баштады. Эске салсак, ушул жылдын 10-сентябрынан 10-октябрына чейин колл-борбордун иши убактылуу токтотулган.

Кыштын камын жайда көр демекчи, Ошто жакындап калган кышка даярдык кызуу жүрүүдө. Быйыл октябрь айында эле эл арасында көмүр алуучулар көп болуп жатканы байкалууда. Бирок кара алтындын наркы былтыркы жылга салыштырмалуу өскөн. Кышка жакын баа дагы өзгөрүшү мүмкүн деген божомолдор дагы айтылууда.

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын көлөмү жогорулады. Буга ылайык, 4 миң 286 сомдон ашпаган пенсиялар эң аз дегенде 300 сомго, ал эми өлчөмү андан жогору пенсия акысына 360 сомдон кем эмес кошулду. Эсептөөнүн жыйынтыгы менен бааракы бул ирет орточо 400 сомдун тегерегинде жогорулап, пенсиянын орточо суммасы 6 миң 61 сомду түздү. Учурда бардык пенсионерлер социалдык акыны жогорулатылган жаңы өлчөмдө алышууда.