Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бир кылымга жакындаган кыргыз элинин эгемендик үчүн күрөшү

Кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөш бир кылымга жакындап баратат. Эгемен өлкө катары Кыргызстандын тарыхы 30 жылга жакындаса, ошол эркин өлкө болуу аракеттери Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнү менен мындан 96 жыл мурда башталган. Серепчилер жана тарыхчылар Кыргыз автономиялуу облусун жарыялоонун өзү кийин Кыргыз Республикасынын толук мамлекеттик суверендүүлүгүн жарыялоонун саясий жана укуктук негизи болду деп эсептешет.

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында учурда заманбап оорканалар курулууда. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда дагы аймактык оорукана оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, коронавирус жана башка илдеттер менен күрөшүүгө керектүү жабдыктар орнотулду. Муну менен бейтаптарга, да ак халатчандарга да жакшы шарт пайда болду.

Коронавирус демекчи, дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган бул оорунун алдын алуу чаралары бизде дагы көрүлүп жатат. Ошто жугуштуу илдеттерди дарылоо боюнча 100 орундуу оорукананы ноябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Ал тез курулуучу конструкциядан тургузулуп, ичинде бардык шарттары менен болот. Аймакта ковид-19 оорусу кайрадан күч алууда. Ошондуктан оорукананын курулушун тез арада бүтүрүү аракеттери көрүлүп жатат.

Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда дагы коронавирустун эпкини күч алууда. Бул өлкөлөрдө күнүнө инфекцияны жуктуруунун 300дөн ашык жаңы учуру катталып жатат. Орусияда дагы эпидкырдаал туруктуу эмес, анда бир күндө ковидден 244 адам каза болуп, реккорддук көрсөткүч болду. Курчуп бара жаткан абалдан улам көп өлкөлөрдө кайрадан чектөөлөр киргизиле баштады.

Бүгүнкү күндө өлкө аймагы боюнча дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 7 миң 471 бала каттоодо турат. Аларга 7 миңден ашуун жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтүп келет. Аларды айлык акы менен камсыздап турууга республикалык бюджеттен быйылкы жылга 642 млн сомдон ашуун акча каражаты бөлүнүп берилген. Буга ылайык, ар бир жеке ассистент ай сайын 4 миң 900 сом өлчөмүндө мөөнөтүнөн кечиктирилбей айлык акы менен камсыздалууда.

Таза колдор бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул дата 2008-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын Санитар жылы жарыяланганда кабыл алынган. ЮНИСЕФтин маалыматтарына таянсак, жылына дүйнө жүзүндө кир колдор аркылуу жугузган инфекциялардан улам 1 млн 500 миңдей бала көз жумат. Мичиган университетинин окумуштуулары далилдегендей, жер шарындагы калктын 5 %ы гана колду туура жууйт. Колдун 1 чарчы сантиметринде эле бир жарым миң микроб жашап, организмге кирип кетүү коркунучун жаратат. Адистердин пикиринде, колду таза алып жүрүү ичеги-карын ооруларын 50-60%га жана сасык тумоо ооруларын 25%га дейре азайтат. Жарандардын жеке гигиена эрежелерине көңүл буруусу канчалык маанилүү?

Чолпон-Ата шаарында коронавирус инфекциясын дарылоого багытталган Ысык-Көл облусунун аймактык ооруканасынын 60 орундуу бөлүмүн оңдоп-түздөө иштери аяктап калды. Бул жөнүндө Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Күн мурун министрдин орун басары Бакыт Жангазиев аталган ооруканага барып жасалып жаткан иштер менен жеринен таанышып келди.