Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүндө таза суу маселеси чечилүүдө

Акыркы эки жылда өлкө аймагындагы 122 айылга таза суу жеткирилди. Жумуштар бүгүн да кызуу уланып жатат. Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө да өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында курулуп, жараксыз абалга келип калган таза суу тутумдары толугу менен алмаштырылууда. Келерки жылдын июнь айында колдонууга берилет.

Өткөн суткада өлкө аймагында коронавирус жуктруунун 431 жаңы учуру катталды. Бул пневмонияны эске алганда. Илдеттин мындай нукта күч алуусу дарыгерлерди тынчсыздандырып, өмүр сакчылары жарандарды санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоогоо чакырууда.

Шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү, парламенттеги 120 депутаттык мандантты 90 же 70ке чейин азайтуу. Шайлоо мыйзамына мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров сунуштады. Божомолдук жаңы киргизүүлөрдү эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда Президенттин ыйгарым укуктарын тапшырды. Жогорку Кеңеш бүгүн анын отставкага кетишин кезексиз жыйында карады. Эми ал өлкөнүн президенти болуп эсептелбейт. Баш мыйзамга ылайык мындай учурда мамлекет башчынын милдеттерин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы кажет. Бирок Канатбек Исаев бул ыйгарым укугунан баш тартты. Мындан улам президенттин милдетин аткаруучу — премьер-министр Садыр Жапаров болду.

Борбор калаадагы күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууга даярдалып жатат. Буга Бишкек шаарында КОВИД-19 илдетинин көбөйүп жатандыгы себеп болууда. Азыркы тапта калаада 1 миң 200 орунга ылайыкташтырылган 20 стационар бейтаптарды кабыл алууга даяр турат. Бүгүн вице-мэр Виктория Мозгачова күндүзгү стационарлардын абалы менен таанышып чыкты.

Чек арага жакын жайгашкан Баткен облусунун Лейлек районунда бир катар иштер алып барылууда. Маселен Кулунду айыл өкмөтүндө бала бакча курулуп, жүздөгөн гектар жерлер бакка айланууда. Мындан сырткары акыркы үлгүлдөгү курулуш материалдарын чыгаруу да колго алынса. Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө элди ынтымакка чакыруучу коомдук кабыл алуу мекемеси ачылды.