Шаршемби, 8 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Автобус-троллейбуста беткапсыз жүргөндөр унаадан түшүрүлдү

Бишкек троллейбус башкармалыгы коомдук транспорттордо текшерүү иштерин жүргүздү. Анда беткабы жок жүргүнчүлөрдү салондон чыгарып, беткап менен кирүүгө үндөштү. Ал арада өлкөдө күн сайын коронавирус менен ооругандардын саны өсүп жатат. Жугуштуу илдеттин жаңы учурлары Бишкекте, Жалал-Абад жана Баткен облустарында көп катталууда. Дарыгерлер жарандарды санитардык-нормаларды так сактоого чакырат.

Дарыгер-пульмонологдор коронавируска байланыштуу онлайн кеңеш берет. Ак халатчандардын бардык консультациялык кеңештери акысыз. Дарыгерлерге байланышка чыгуу үчүн социалдык тармактарда алардын ватсап номерлери жайгаштырылган.

Бир нече күн мурда Президентти жана Жогорку Кеңешти шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Аны 83 депутат колдогон болчу. Бирок азыркыга чейин бул чечимге макул эместер чыгып, маселе талаш-тартышка айланууда.

Өлкө башчынын милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапар менен барды. Жумушчу сапардын алкагында ал дубандагы сугат суу маселесине көңүл буруп, Ак-Сай айылындагы жаңы насостук бекеттин курулушу менен таанышты. Мындан сырткары жаңы курулуп жаткан жол жана көпүрөнүн курулушуна дагы көз салды. Кийин иш сапарынын соңунда облустун активи менен жолугуп, алардын социалдык маанидеги суроолоруна жооп берди. Ал чек ара боюнча дагы токтолуп, бул маселени чечүү УКМКга жүктөлөрүн, Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берүү боюнча маселе каралып жатканын айтты.

Маданияттан алыс коом — ачка коом. Быйыл Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленип жатканына чейрек кылым болду. Тилекке каршы, эпидемиологиялык абалга байланыштуу майрам адаттагыдай белгиленген жок.

Жакында Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Токбай айылындагы окуу комплексте балдар билим алып баштайт. Анткени кайрымдуулук фонддун колдоосу менен 2 жыл мурда салынып бүткөн мекеме эми билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп жатат. Заманбап талаптарга ылайыкташтырылып курулган комплексти министрлик кесиптик лицей катары пайдалана турганы айтылууда.

Паракорчулукка белчеден малынган аткаминерлер эртеби-кечпи жазасын алат. Жаңы келген бийлик да өзгөчө коррупцияга каршы күрөшкө басым жасап жатканы баарына маалым. Экономикалык кылмыштарга каршы аёосуз күрөш азыртадан эле өз жыйынтыктарын көрсөтүүдө дешет серепчилер. Экономикалык амнистиянын аякташына дейре мамлекеттик казынага зыян келтиргендердин катары калыңдап, миллиондогон сомдор кайтарыларын адистер белгилешүүдө.