Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жапалакта ветеринардык адистер үчүн жаңы имарат курулду

Ош шаарынын Жапалак айылында Ветеринардык адистер үчүн шарт түзүлдү. Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен мал чарбасы жана базарды өнүктүрүү долбоору аркылуу ветеринарлар үчүн жаңы имарат курулду. Муну менен аймакта мал жандыкты дарылоого жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

Бизнести илгерилетүүгө өлкөдө тынчтык жана тийиштүү шарт керек. Бирок, жарым жылдан ашкан убактан бери Кытайдан келчү товарларына ээ боло албай жаткан ишкерлер арыз-муңун айтпаган эшик калган жок. Алар өлкө жетекчилигинен бул көйгөйгө көңүл бурууну өтүнүшөт. Себеби мындан улам жалпы Кыргызстандагы ишкерлик зыян тартууда. Соода тармагында кандай маселелер жаралууда? Аларды чечүү жолдору кандай?

4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагалыгына көпчүлүктүн добушу менен Талант Мамытов шайланды. Бул кызматты ээлеп келген Канатбек Исаев президенттик шайлоого катышарын билдирип, отставкага кетти. Анын талапкерлигин «Кыргызстан» партиясы көрсөткөн. Ал эми жаңы спикердин алгачкы демилгеси – «Ак үйдүн» алдын курчап турган тосмону алып салуу болду. Мамытов сунушун парламент элге жакын болуп иштеши керек деп түшүндүргөн.

Саясий куугунтуктар болбойт. Бул туурасында Башкы прокурор Курманкул Зулушев көзөмөл органынын жетекчиси катары берген алгачкы маалымат жыйынында айтты. Ал ошондой эле коррупцияга каршы күрөш дагы да күчөтүлөрүн, козголгон кылмыш иштердин алкагында өлкө казынасына он күндүн ичинде дээрлик жарым млрд сом түшкөнүн белгиледи.

Коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн жаңы 5-протокол даярдалууда. Дарылоо ыкмасынын жаңы вариантынын үстүндө өлкөнүн башкы пульмоногу, инфекционисти жана реаниматологу иштеп жатат. Адистердин айтымында, мында буга чейинки бардык кемчиликтер эске алынмакчы.

Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы жогору коюлат. Бул тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли менен жолугушканда билдирди. Жапаров учурда иштеп жаткан тоо-кен тармагындагы компаниялардын ишмердүүлүгүн атайын түзүлгөн комиссия иликтеп чыгарын айтты. Ошондой эле ал тоо-кен тармагынын продукциясын мындан ары концентрат катарында чет өлкөгө чыгарууга бөгөт коюуларын белгиледи. Иш сапардын алкагында дагы кандай орчундуу маселелер боюнча сөз болду?