Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Дары-дармектерди өз баасында сата турган социалдык дарыканалар ачылат

Дары-дармектерди өз баасында сата турган социалдык дарыканалардын ачылуусу күтүлүүдө. Бул жөнүндө 12-ноябрда “Дем” аталышындагы дарыгерлер жана ыктыярчылардын жалпы республикалык штабынын ачылыш аземинде белгилүү болду. Анда төрт жүздөй ыктыярчы биригип, коронавируска каршы күрөшүшөт.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков эртең мененки саат 9:43төн бери тынымсыз манас айтууда. Ал 10 сааттан ашык убакытка чейин Манас айтуу менен Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине катталууну максат кылып жатат. Буга чейин эч ким мындай узак убакытка чейин эпосту айтып китепке катталган эмес. Иш-чара коомдук телеканалдар аркылуу түз алып берилүүдө.

“Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Ал эми «Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы» Президенттин камкордугу алдына өттү. Эл аралык уюм эле эмес, Кыргызстан ичинде ар улуттун өкүлдөрүнүн биримдиги, ынтымагы үчүн кандай шарттар түзүлөт?

Тышкы карыздардан кутулуунун туу чокусу 2025-27-жылдарга туш келет. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, Кытай Кыргызстанга мамлекеттик карызды төлөө үчүн анын мөөнөтүн жылдырып берет, бирок белгилүү бир шарттар менен гана. Мекемеден чет мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтышты.

Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатында кызматташуу. Аткаминерлердин кылмыштуулугуна каршы туруу боюнча өлкө кандай чараларды кабыл алууда, келечекте эмнелер күтөт? Ушул жана бир катар башка маселелерди Россиядан келген парламентарийлер менен күч түзүмдөрү талкууламакчы. Россия Федерациясынын мамлекеттик думасынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин өкүлү, россиялык депутат Кыргызстанга иш сапары менен келди. Өкмөттүк деңгээлдеги жолугушуу вице-премьер-министр Максат Мамыткановдун төрагалыгы алдында өттү.

Кыш жакындаган сайын көмүрдүн баасы көтөрүлөрү бышык. Жарандар суук түшкүчө көмүр камдап алуунун камын көрөт. Бүгүнкү күндө борбор калаада кара отундун бир тоннасы 3800 сомдун тегерегинде сатылууда. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин бекитип берген баасы боюнча Кара-Кеченин өзүндө көмүрдүн бир тоннасы 1300 сом болууда. Аны ташып келүү жол акысын эске алганда, баш калаада ишкерлер 2-3 эсе кымбат сатышат. Көмүрдүн наркын көзөмөлдөө үчүн Бишкектин Биринчи май районунда атайын рейддик иш-чара уюштурулду.

Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны эки саатка жакын созулду. Бул убакта ал жалпы кыркка чукул суроого жооп бергенге жетишти. Журналисттер коомчулукта талкуу жаратып жаткан конституциялык реформа, тышкы карыздан кутулуу, инвесторлорго шарт түзүү, тышкы саясат, коррупциялык иштер боюнча соболдорду узатышты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев былтыр болгон Кой-Таш окуясы боюнча жабык сот отурумунда аны менен кошо айыпталып жаткан тарапташтарын үй камагына бошотууну суранды. Бул жолу саясатчы өзү соттук отурумга катышты. Ал арада мамлекеттик айыптоочулар соттук териштирүүнүн мөөнөтүн узатууну суранып жатышат.

Илимдер академиясы музейге эмес, иш кайнаган жерге айланышы керек. Бул туурасында Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 11-ноябрда Улуттук илимдер академиясына барганда айтты. Академиянын окумуштуулары илимий мекемеге бөлүнгөн каражат жетишсиздик кыларын айтышканда, өкмөт башчы жакын арада мекеменин техникалык базасын жаңылоого жана муктаждыктарына 300 млн сомдой каражат бөлүнөрүн белгиледи. Жолугушууда кыргыз илиминин дагы кандай маселелери боюнча кеп козголду?

Ош облусунун аймагында окуучулар 2-чейректи мектепке барып-келип окуй баштады. Санэпид кызматы жана жергиликтүү бийликтин чечими менен кээ бир класстарга гана уруксат берилди. Бүгүн облустун эки районундагы 85 билим уясы, ошондой эле Көзү азиздер жана угуусу начар, аз камсыз болгон балдар үчүн жатак мектептер санитардык норманы сактоо менен окутууну башташты.

Маданият жана туризм аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга бардык мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жакшы маалыматтар менен камсыз кылып туруу абзел. 11-ноябрда “Ала-Тоо” аянтында “Кыргызстан – келечектүү жана стабилдүү өлкө” аттуу туристтик флешмоб өттү. Ага ар кандай кесиптин ээлери жана таланттуу окуучулар катышты. Уюштуруучулар мындай иш-чараларды өткөрүү менен Кыргызстандын туризм тармагын дүйнөгө таанытып, тармакты өнүктүрүүгө мүмкүн дешет.

Өткөн суткада коронавирус 400 адамдан табылып, дагы 3 адам көз жумду. Ал эми бир суткада стационардан 7, үй карантининен 5 медкызматкер айыгып чыгарылган. Ак халатчандар жарандарды элементардык санитардык эрежелерди сактоону өтүнөт.

Маданият кызматкерлери акысыз турак жай менен камсыз болот. Мындай мүмкүнчүлүк Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин курулуш компаниялары менен сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашууда. 11-ноябрда ведомствонун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков курулуш компанияларынын бири менен кыймылсыз мүлктү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишимге кол койду. Башкы максат – маданият жаатындагы жардамга муктаж кызматкерлерге кайрымдуулук иштерин жүргүзүү.