Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бажыда электрондук декларациялоо ишке кирди

Мамлекеттик бажы кызматы электрондук декларациялоонун пилоттук долбоорун баштады. Ага ылайык Түштүк-батыш бажысынын жана Баткен бажысынын базасында экспортко товарларды аралыктан чыгаруу процесси киргизилди. Бул система аркылуу бажы тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алып, ишкерлердин убактысы үнөмдөлөт.

Кыргызстандын эли диктатурага жол бербейт, президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлбөйт! Мындай пикирин Садыр Жапаров 12-ноябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ошондой эле мамлекет ишкерлерге жана инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Бул тармактар өз кезегинде өлкөнүн бюджетин кубаттап, мамлекеттик карызды төлөөгө көмөк көрсөтөт.

Кыргызстан бардык чет өлкөлүк өнөктөштөрү ошондой эле, эл аралык жана регионалдык уюмдар менен достук алакаларын арттырууга кызыкдар. Бул тууралуу өлкө башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тышкы иштер өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушканда айтты. Жапаров мындан ары да тышкы саясаттагы кызматташтыктар алдыга карай улантыларын белгиледи.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы эки жаңы имарат пайдаланууга берилди. Анда клиника-диагностикалык блоктун жана органдарды трансплантациялоочу гематология бөлүмү бар. Мындан сырткары балдардын онкогематологиялык имаратынын курулушуна капсула салынды. Медициналык объекттердин курулушуна коомдук бирикме акча сарптады.