Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Октябрь айында 315 өспүрүм коронавирус илдетин жуктуруп алган

Акыркы айларда өспүрүмдөр арасында коронавирус инфекциясы менен ооругандар көп катталууда. Алардын дээрлик көпчүлүгү оорунун очогу болгон жерлерден жуктуруп алышкан. Бул жөнүндө Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында айтты. Ал өспүрүмдөр арасында ооруну мектептен жугузган учурлар катталбаганын кошумчалады

Өкмөт насыясы бар кыргызстандыктарга декабрь, январь жана февраль айлары үчүн үстөк пайызын төлөп берет. Буга 1 млрд 300 млн сом сарпталмакчы. Мындай чечим COVID-19 пандемиясы менен шартталган эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды. Бирок жеңилдикти бардык эле жарандар колдоно албайт.

Бардык мамлекеттик органдарда реформалоо жүргүзүлөт. Аны ишке ашырууга атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бүгүн өкмөттө комиссиянын биринчи отуруму өттү. Жыйында бир катар маселе көтөрүлүп, тапшырмалар берилди.

Республикада бир нече жолу демилгеленген люстрация мыйзамынын долбоору жактырылса, бийликтин үч бутагы коррупцияга малынган аткаминерлерден тазаланат. Мындай пикирлерин жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жана демилгечилер билдиришүүдө. Люстрация мыйзамынын артыкчылыгы эмнеде?

Конституциялык реформаны талкуулоого коомчулук күбө болушу шарт. Саясат таануучулар элге тандоо керек деп эсептешет. Себеби, жумурай журттун тандоосу менен өлкөнүн келечеги чечилет. Жарандык активисттер коомдук талкууга юристтерди, саясатчыларды гана эмес — жаштар, уулу муун, агартуу тармагынын өкүлдөрү, Кыргызстанда жашаган ар улутт

Баткен облусундагы айрым жер тилкелери трансформацияланды. Токтомго ылайык, жалпы 600 гектарга жакын жердин категориясы жеке турак жайларды курууга ылайыкташтырылууда. Бул чечим жергиликтүү элдин социалдык маселелерин чечүү максатында кабыл алынды.

Ош шаарынын Анар жана Төлөйкөн кичи шаарчасына жаңы аллея курулду. Иштер калааны көрктөндүрүү долбоорунун алкагында аткарылган. Буга чейин соода күркөлөрү жайгашып, башаламандык орун алып келген көчө эми жаркырап, тургундардын эс алуусуна шарт түзүлгөнүнө эл кубанууда.

Онлайн сабактарга кирбей жүргөн окуучуларды эми Биринчи май райондук прокуратурасы текшерет. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга аралыктан окутууга катышпай жүргөн балдарды таап, кармоо боюнча биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүнү сунуштаган кат жөнөтүштү. Прокуратура эгер мыйзам бузуулар каттала турган болсо, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги медициналык билими бар адистерди кадрлар резервине катталууга чакырат. Дарыгерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер жана ошондой эле ординатор, студент, ыктыярчылар онлайн катталса болот. Ал үчүн министрликтин сайтына med.kg дареги аркылуу кирип, арыз калтырса болот.

Пандемия күчөп турган маалда, бейтаптарга ыкчам жардам берип, жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузууга аргасыз болгон ыктыярчылардын айыптары жокко чыгарыла баштады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунда миңден ашык айдоочунун кайрылуулары кайра каралып чыгууда. Эреже бузуу тастыкталган учурлар кандай шартта айыптан толугу менен бошотулат?