Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бардык айдоочулар унааларын 2023-жылдан баштап милдеттүү камсыздандырышы керек болот

ОСАГО полиси жөнүндө мыйзамдын ишке кириши менен жылына мамлекеттик казынага кошумча 40 миллион сом киреше түшмөк. Бул мамлекеттик каржылык көзөмөлдүн алдын ала эсептөөлөрү. Аны менен катар унааны камсыздандыруу киргизилген учурда республика боюнча кошумча жумуш орундары түзүлмөк. Ал эми айдоочулар автоунааларды милдетүү камсыздандыруунун мөөнөтүн жылдыруу боюнча эки ача ойдо. Милдеттүү камсыздандыруунун мөөнөтү үчүнчү ирет жылдырылабы?

Күз-кыш мезгилинин келиши менен өлкөнүн стратегиялык мааниге ээ жолдорунда, тоолуу аймактарда, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо аракеттери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Буга ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучу тобу, ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Транспорт министрлигинин жана медицина кызматкерлери, тоолуу жана кооптуу делген аймактарда күнү-түнү нөөмөттө турушат. Куткаруучулар алыс жолго чыгып бараткандарды темир тулпарын алдын ала даярдап, эрежелерди сактоого чакырат.

Covid-19 илдетин текшерүүдөгү лабораториялык анализдердин жана компьютердик томографиянын бааларын төмөндөтүү мүмкүнбү? 18-ноябрда вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өлкөнүн ири жеке медициналык борборлорунун жана лабораторияларынын жетекчилери менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту. Жыйынга саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, салык жана бажы кызматтарынын кызматкерлери катышты. Жыйында бардык мамлекеттик органдардын жана жеке жактардын коронавируска каршы турууда бир болууга сунуштар берилди.

17-ноябрда Конституциянын долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды. Жалпы элдик добуш берүүгө чыгарылгычакты долбоор сунуш-пикирлер менен толукталары айтылууда. Ал эми Референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен катар өткөрүү сунушталып жатат. Жаңы Конституциянын долбоорунда кандай өзгөртүүлөр киргизилген?