Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ВИЧ/СПИД-инфекциясына кабылгандар көбөйүүдө

ВИЧ/СПИД илдети — кылым оорусу. Дүйнө жүзүндө бул дарт менен ооругандардын саны жыл өткөн сайын өсүп келет. Анын ичинде Кыргызстанда да кемиген жок. Тескерисинче, көбөйүүдө. 2018-жылы ооругандардын саны 9 миңге жетсе, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 10 миңден ашык адам каттоодо турат. СПИД илдетинен жабыркагандардын саны жыл санап өсүп жатышына эмне себеп болууда, калкка түшүндүрүү иштеринин аздыгыбы же жарандардын кайдыгерлигиби?

Баш мыйзамга карата сунушталган өзгөртүүлөр адам укуктарынын жалпы декларациясына ылайык киргизилүүдө. Улуттук баалуулук, каада-салт жана күчүндө турган конституциянын жакшы жактарын эске салуу менен жаңы баш мыйзам эл тарабынан канааттандырылышы керек деген пикирди карманышат кеңешменин мүчөлөрү.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары Конвенциясын Кыргызстанда ишке ашырууда жетишерлик иштер аткарылбай жатат. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын айтымында, эл аралык документ ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өздөрүн толук кандуу башка жарандардай сезүүсүн шарттайт. Алар коомдук унаада жүргөндө, көчөлөрдө, билим алууда, саламаттыкты сактоо жаатында жана башка жайларда тийиштүү шарттар каралбаганын айтып келишет. Эми бул Конвенцияда белгиленген шарттардын аткарылышын атайын кеңешме көзөмөлгө алат.

1-декабрдан баштап борбор калаадагы дээрлик жарым жылдан бери иштебей турган кинотетарлардын иши жанданды. Бирок санитардык эрежелерди сактоо талабы менен. Маалым болгондой эгерде санитардык-эпидемиологиялык жаатта одоно мыйзам бузуулар болбосо, тийиштүү чаралар көрүлөт. Кыргызстандагы кинотеатрлар коронавирустун жайылышына байланыштуу карантин жана өзгөчө кырдаал жарыяланган марттын аягынан бери жабык турган. Калаада дагы кандай чектөөлөр алынды?

Конституциялык сот менен Жогорку соттун төрагасы көз каранды болуп калбашы үчүн аны дайындоо тартибин так аныктоо зарыл. Бул туурасында Конституциялык кеңешменин тиешелүү секциясында айтылды. Ошондой эле Баш мыйзамдын долбооруна жайыт маселеси киргизилип, ал мамлекеттин менчиги, сатууга жатпай тургандыгы көрсөтүлдү. 1-декабрдагы үч секциянын жыйынында Конституциянын долбооруна дагы кандай толуктоолор кошулду?

Ош шаардык кеңеши кезектеги 36-сессиясын өткөрдү. Анын жүрүшүндө күн тартибине ыйлайык каралган маселелер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө маалыматтар угулуп, токтомдор кабыл алынды. Мындан сырткары, калаа мэринин 9 айлык отчету каралды.

Коронавируска каршы Республикалык штабдын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева жаңы жылдан кийин Жогорку окуу жайлар жана мектептер салттуу окуу форматына өтөрүн билдирди. Мектеп курагындагы балдары бар ата-энелер оффлайн окууга өтүүнү чыдамсыздык менен күтүп келишет. Анткени алар аралыктан окуунун ар кандай кыйынчылыктары менен бет келүүдө. Мектептер жана Жогорку окуу жайлар оффлайн окууга даярбы?

Калкка акысыз юридикалык-укуктук жардам берүү декадасы башталды. Негизги максат — калктын аяр катмарынын укуктук деңгээлин жогорулатуу, жарандардын укуктук жактан сабатын көтөрүү, сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, элдин кызыкчылыктарын жана эркиндигин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү. Калкка акысыз укуктук кеңеш берүү 5-декабрга чейин өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлөт.

Дүйнө жүзүндө коронавируска кабылгандардын саны өсүп, эпидемиологиялык абал күн санап начарлап барат. Адистер уламдан-улам кулак каккан эрежелер сакталбай оору өрчүшүп, кулачын кенен жайды. Дарыгерлердин жетишсиздигинен ыктыярчылар ишке тартылууда. Дээрлик бир жылга чукул убакыттан бери дүйнө жүзүндөгү ак халатчандар жугуштуу илдетке каршы күрөшүүдө.

Белгилүү болгондой, 4-декабрь күнү Кыргызстанда «Манас эпосунун күнү» майрамдалат. Бул күндү утурлай мамлекеттик органдарда “Манас таануу” лекциялары окулуп, эпостун чечмелениши жана учурдагы кырдаалга ылайык, “Манас” эпосунун орду тууралуу түшүндүрүү иш-чаралары уюштурулууда.

Экономикалык бир айлык мунапыс өз жемишин берүүдө. Финансы министрлигинин бул үчүн ачылган бирдиктүү депозитине жалпысынан 667 миллион сомдон ашык каражат келип түштү. Жарыяланган мунапыска ылайык, мамлекеттин бюджетине кол салып, мыйзамсыз тоногон адамдардын топтогон мүлктөрүн бирден текшерүү да ишке аша баштады. Бүгүн да Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы дагы бир кылмыштын бетин ачты.

Элдик курултай мамлекеттик же коомдук болушу керек. Мындай пикирлер 30-ноябрда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан конституциялык кеңешмеде кызуу талкууну жаратты. Коомчулукта сөз болуп жаткан курултай боюнча 15 долбоорду бириктирип бир концепцияны даярдоо сунушталды.

Кыргызстанда боло турган реформаларга карата коомчулуктун тигил же бул суроосу боюнча сунуш-пикирлери эске алынат. Ал үчүн Конституциялык кеңешменин аянтчасы бардык шарттарды түзүп жатат. Анда кызыкдар тараптардын ойлору четке кагылбай, күңгөй-тескейи секцияларда талкууланып Жаңы Баш мыйзамдын долбооруна камтууга жол ачылууда.