Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришти

Буйрутма беруу учун: 0706 88 84 66 Каныкей

Түрк окумуштуулары вируска каршы күрөшкө олуттуу мамиле жасашууда. Коронавирусту 60 секундада жок кылган спрей жана 10 секунданын ичинде COVID-19 диагнозун аныктоочу атайын шайманды иштеп чыгышты. Дүйнөдө коронавируска каршы күрөш кандай жүрүүдө?

Отканаларды газга өткөрүү, сырттан келген автоунааны каттоого алардан мурда анын зыяндуу заттарды чыгаруучу тутумун текшерүү. Алсак, Бишкектеги түтүнгө каршы иш-аракеттер кызуу жүрүүдө. Экономика министрлиги өзгөчө кышкысын күчөгөн абанын булганышы менен күрөшүүнүн дагы бир жолун тапты. Борбор калаадагы айлана-чөйрөнү коргоо үчүн күрөшүүнүн жаңы жолдору менен кийинки материалдан таанышыңыз.

Кыргызстан Газпром менен эки тарапка тең пайдалуу кызматташууну арттырууга даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Газпром» башкармалыгынын төрагасынын орун басары жана Директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркелов менен болгон жолугушууда билдирди. Анда Кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, өлкөнү газ менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар талкууланды. Мамлекет башчысы «Газпром» Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгилеп, бул багытта жүргүзүп жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Виталий Маркелов Өлкөдө жүрүп жаткан газ өткөрүү системасынын курулушу тууралуу билдирип, компаниянын жакынкы келечекке карата, анын ичинде үйлөр менен ишканаларды газдаштыруу жолу менен Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча пландары жөнүндө маалымдады.

Мигранттарды мекенине кайтарып, элдин жашоо шартын жогорулатуу, энергетика тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашыруу, коңшу мамлекеттер менен мамилелерди жана тышкы саясатты тереңдетүү. Бул кызматына жаңы киришкен Президент Садыр Жапаровдун ишке ашырууну көздөгөн артыкчылыктуу багыттары. Инагурация учурунда өлкө башчысы дагы кайсы маселелерге токтолду?

Паспорт эмес бүтүндөй сүрөт искусствосу, жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүсүнө дал ушул мүнөздөмөнү берүүгө болот. Анын курамында 30дан ашык коопсуздук элемент бар. Ал эми негизги айырмалоочу өзгөчөлүгү — ээсинин бардык маалыматтары менен кошо орнотулган чип. Ал ИКАОнун стандарттарына жооп берет, ошондуктан документ дүйнө жүзү боюнча коопсуз жүрүүнү камсыз кылат. Технологиянын өзгөрүшүнө жана коргоонун жаңы элементтеринин киргизилишине байланыштуу жарандык паспорттор 3-5 жылда бир жолу алмаштырылышы мүмкүн.

Эгемендүү Кыргызстандын алтынчы президенти Садыр Жапаров шайлоочулардын 80 пайызга жакын колдоосу менен, расмий түрдө президенттик кызматына киришти. Жаңы сунушталып жаткан конституцияга ылайык, мамлекет башчынын президенттик мөөнөтү 5 жылга созулат. Эми депутаттар тарабынан баш мыйзамдын бул долбоору колдоо тапса, анын кайра шайлануу мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилөө керек. Баса, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырып, ишин жыйынтыктады.

Бүгүнкү күндө борбор калаада 66 откана шаар тургундарын жылуулук жана ысык суу менен камсыздап келет. Анын 43ү жаратылыш газы менен жылытса, 23ү көмүр менен жылытат. 27-январда калаа мэриясы жана “Газпром Кыргызстан” компаниясынын ортосунда кызматашуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Тараптардын кызматташуу долбоорунда “Бишкекжылуулук” коммуналдык ишканасынын социалдык объекттеринин жылытуу системаларын жаратылыш газына которуу камтылган. Келишим 3 баскыч менен ишке ашат. Октябрь айынын соңуна чейин 23 откананын бардыгы газ менен жылытууга өткөрүлөт.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө президенттик ишине киришти. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова ага президенттик күбөлүк, төш белгисин жана штандартты тапшырды. Кыргызстандын тарыхында 9-ирет өткөн инаугурация салтанаты эки саатка жетпеген убакытты алып, шаан-шөкөт, майрамдык чай берүү менен коштолгон жок. Садыр Жапаровдун президент катарында алкачкы кайрылуусуна өзгөчө маани берген коноктор оңой эмес учурда мамлекеттин жоопкерчилигин колго алган жаңы президентке ийгилик жана күч-кубат каалашты.