Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Учурдагы саясий кырдаалдан пайдаланып, деструктивдүү күчтөр өлкөнү солгундаткысы келет

Президенттик шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлүүдө. Ушундай эле шарттар референдум боюнча үгүт топторго да каралып жатат. Андыктан кыргызстандыктар чагымчылдардын атайылап жалган маалыматтарына ишенбей, туура тандоо жасашы керек. Мындай билдирүүсүн күн мурун Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов айткан. Элдин тандоосуна коюлган референдум мамлекеттин башкаруу формасын аныктап, туура багытта иш алып барууга өбөлгө болорун талдоочулар жана юристтер баса белгилешүүдө. Анткени конституциялык реформадан соң Парламенттик шайлоону кайра дайындоо натыйжалуу болот.

Улуттук банк 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сом насыя алган жарандардын тизмеси боюнча маалыматтарды чогултууну улантып жатат. Жүйөөлүү себептерден улам арыз менен кайрыла албай калган насыя алуучу финансы уюмдарына кайрылууга болот. Коммерциялык банктардан түшкөн маалыматтарды Улуттук банк карап чыгып, Финансы министрлигине жөнөтөт. Учурда иштер белгиленген тартипте жүрүүдө.

Кыргызстанда 4-январга карата бир суткада коронавирус 83 адамдан табылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Өткөн сутка ичинде 165 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бирок дарыгерлер илдетти басаңдады деп, санитардык талаптарды аткарбай коюуга болбойт экендигин кулак кагышууда. Себеби кара тумоо капыстан кайра коомчлулукту толук капташы ыктымал.

Алдыдагы президенттик шайлоонун жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумдун бюллетендери даярдалды. Өткөн ишемби күнү жалпы 7 миллиондон ашык добуш берүү кагазы өлкө аймагындагы жана чет жактагы шайлоо тилкелерине жеткирилди. Басмакананын бюллетень басып чыгаруу ишине БШКнын жумушчу тобу байкоо салып турса, күзөтүү иштерин ИИМ жана УКМК кызматкерлери камсыз кылды.

4-январда ордо калаада «Президенттик башкаруу формасы үчүн» аталышындагы флешмоб уюштурулду. Саамалыкка катышкандардын көбү, айрыкча жаш активистер президенттик башкаруу формасын колдоп жатканы байкалууда.

Алдыдагы шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп жатканын адистер айтышууда. Бир жумадай убакыт калган добуш берүү күнүнө ушу тапта кызуу даярдык жүрүп жатканы маалым. Аймактардагы шайлоо участкалары техникалык жабдыктар менен жабдылып, тийиштүү камылгалар көрүлүүдө.