Ишенби, 27 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Боз үйдүн өзгөчө көргөзмөсү Г. Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде

Бүтүндөй элди бир түндүктүн алдында бириктирүү — ар бир патриот жарандын максаты. Кыйын кырдаалды башынан кечирип жаткан коомчулук үчүн сүрөтчү Алтынай Осмоева атайын көргөзмө даярдаган. Автор 21-кылымдын жаштары үчүн жаңы үлгүдөгү көргөзмө менен улуттук баалуулуктарды сыйлоого, анын маани-маңызын үйрөтүүгө чакырат.

Чынгыз Айтматов атындагы кино үйүндө кинорежиссёр жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Жали Соданбектин «Намыскөй кыздын көз жашы» аттуу китебинин бетачары болуп өттү. Китепте 17-кылымда жашаган Жаңыл мырза деген атка конгон кыргыз жоокер кызы жөнүндө толукталган окуя баяндалган.

Мындан бир жума мурда Садыр Жапаров мамлекет башчысы кызматына расмий киришкен. Инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө ал биримдик маселесине да токтолгон. Анда Президент улуттук биримдик идеологиясын бекем карманып, өлкөнү өнүктүрөрүн баса белгилеген.

Жаңы окуу жылына балдарды 1-класска кабыл алуу борбор калаада 15-февралда башталат. Мектепке электрондук каттоо эки багытта жүргүзүлөт. Биринчиси – жашаган жери боюнча тийиштүү мектептерге каттоого тургандар. Экинчи багыт – жашаган аймагынан сырткары жайгашкан билим берүү мекемелерин тандагандар.