Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жаңы долбоорлорду каржылоого кызыкдар

Ишенимдүү дос, өнөктөш жана шериктеш. Инвестиция жана экономикалык кызматташтык. Миллиарддаган баалуу келишимдер. Бул экономикалык жактан алганда кыргыз-орус кызматташтыгынын мүнөздөмөсү. Эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизинде өлкөгө 10догон миллион доллар инвестиция Россиядан келген. Мигранттардын акча которуулары жөнүндө айтсак, 2005-жылдан бери бул сумма 22 миллиард долларга жеткен.

Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңешке кайрадан жөнөтүлөт. Коомдо болуп көрбөгөндөй талкуу жараткан бул долбоорго толуктоо конституциялык кеңешме тарабынан, элдин пикирин угуу менен киргизилди. Учурда кеңешменин экспертизалык тобу баш мыйзамдын долбоорун орус тилине которуп, ар бир жазылган сөздүн маанисин талдап жаткан маалы. Кийинки баскычы кандай? Эми баш мыйзамдын тадырын ким чечет?

Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычына келген Төрткүл каналы толугу менен Кыргызстанга тийиштүү, ал башка мамлекетке өтүп кетүүсү мүмкүн эмес жана ага жол берилбейт. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Жаныбек Жалалов билдирди. Ошондой эле ал жалпы элди сабырдуулукка, ынтымакка чакырып, ал эми чек ара маселеси ачык-айкын, эл менен биргеликте, макулдашуу жана тынчтык жолу менен чечиле тургандыгын айткан. Буга чейин Кыргыз өкмөтү да Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычы боюнча түшүндүрмө берген. Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей аталган суу сактагыч жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү. Ошондой эле Республиканын аймактык биримдигин сактоо жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги мамлекетибиздин негизги принциптери болуп саналат.

Кыргызстанда КОВИД-19 жуктургандардын саны 85 миңге жетти. Соңку суткада жугуштуу илдет дагы 88 адамдан аныкталып, 2 бейтап көз жумду. Ооруну жуктургандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында катталууда. Мындан улам, калаа мэриясы санитардык нормаларды сактоо боюнча коомдук транспорттордо рейддик иш-чараларын жандантты. Бүгүн Свердлов району боюнча мобилдик топ, автобус,троллейбус жана маршруттук таксилердеги санитардык эрежелердин сакталышын текшерүүгө алды.

Кыргызстанда өлкөнүн капчыгына кол салган мурдагы аткаминерлерди жана учурдагы мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартуу иштери уланууда. Президент Садыр Жапаров шайлоо өнөктүгү учурунда өлкөдөгү коррупция менен аёсуз күрөш жүрөөрүн убада кылган. Бул боюнча УКМКнын башчысы бардыгын түрмөгө камоо негизги максат эмес экенин, бирок мамлекеттен уурдалган каражаттарды, мүлктөрдү кайрадан кайтаруу керек экенин билдирген.

Премьер-министр Улукбек Марипов Almaty Digital Forum 2021 санариптик форумунда сөз сүйлөдү. Марипов өз сөзүндө Кыргызстан бизнести өнүктүрүү жана жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү боюнча активдүү чараларды көрүп жаткандыгын белгиледи. Мындан тышкары Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тарабынан бир катар документтерге кол коюлду. (1)Алар: Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагындагы жооп кайтаруу чараларын пайдалануу механизми жөнүндө тапшырма; уюмга мүчө-өлкөлөрдүн деңиз өткөрүү пункттарындагы электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү концепциясы жөнүндө» чечим; асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы селекциялык асыл тукум иштерин координациялоо жана аналитикалык камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө» чечим.

Өткөн жылы мамлекеттик органдарда 4 миңден ашуун мыйзам бузуулар аныкталды. Жыйынтыгында 1700дөн ашуун мамлекеттик кызматкер тартип жоопкерчилигине тартылган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 661 кылмыш иши козголуп, тергөө органдарына өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди. Ал мамлекетке 582 млн сом келтирилген чыгым өндүрүлгөнүн кошумчалады. Башкы көзөмөл органы дагы кандай чуулгандуу кылмыш иштеринин бетин ачты?