Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Билим берүү жана илим министрлиги электрондук мектеп долбоорун иштеп баштады

Акыркы жылдары Кыргызстанда илимдин деңгээлинин өскөндүгү байкалды. Индекс боюнча алып карай турган болсок, КМШ өлкөлөрүндө Орусия жана Украинадан кийинки орунда биздин республика турат. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мекеменин 2020-жылдын жыйынтыктоочу коллегиясында айтып, бул сыймыктанчу көрүнүш деп баалады. Ал алдыда чоң жоопкерчилик турганын кошумчалап, өлкөнүн билим берүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бирдиктүү саясат жүргүзүүгө чакырды.

Борбор калаада жалпы узундугу 70 чакырымды түзгөн 60 көчө оңдолот. Ага кошумча дагы 5 көпүрө курулат. Иштер «Жол тармагын өнүктүрүү» ири долбоорунун алкагында жүргүзүлмөкчү. Оңдоо жумуштары 15-мартта башталып, күз айларында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Буга мамлекеттик бюджеттен бир да сом сарпталбайт. Каржылоо гранттык каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

Башка кабарлардан. Жогорку Кеңеште Баш мыйзамдын жаңы долбоору 17-февралда каралат. Буга демилгечи эл өкүлдөрүнүн Конституциянын жаңы долбоорун кийинки шаршемби күнү кароону сунуштап жатканы түрткү болууда. Эске салсак, өткөн жылдын 17-ноябрында 80 депутат Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн 100гө чукул мүчөдөн турган Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Алар эки жарым айдын ичинде өз ишин жыйынтыктаган болчу. Парламенттин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлган жаңы Конституциянын долбоору кандай өзгөрүүлөр менен айырмаланат? Сюжетке назар салыңыздар.

Коронавирус пандемиясы өлкөнүн медицина тармагы оор акыбалда экенин көрсөттү. Бул тармакта кечиктирилгис өзгөрүүлөр керек экени маалым болду. Президент Садыр Жапаров Саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калктын саламаттыгына кам көрүү сапатын жакшыртуу боюнча Жарлыкка кол койду. Дарыгерлер президенттин жарлыгы абдан туура мезгилге дал келгенин айтышууда. Анткени ак халатчандарга буга чейин турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүү жөнүндө сөз да болгон эмес. Андан сырткары биринчи жолу медициналык академиянын өзүнүн клиникасын куруу жөнүндө долбоор даярдалган.

Эксперттердин айтымында, айыл чарба тармагында кооперативдерди, логистикалык борборлорду, кластердик ыкмаларды киргизүү менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө болот. Кыргызстан эң көп керектелүүчү 9 продуктунун ичинен өзүн өзү үч азык менен гана камсыз кыла алат. Калганын сырттан алып келүүгө туура келет. Эксперттер, тескерисинче, экспортту көбөйтүү зарыл деген ойдо. Садыр Жапаров агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду. Анда өздөштүрүлбөгөн жана асылдуулугу төмөн жерлерди, жайыттарды натыйжалуу пайдалануу, айыл чарбасына санариптик технологияларды киргизүү сыяктуу бир топ маселелер камтылган.