Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өкмөт: Чек ара мамлекеттик кызыкчылыкты эске алуу менен чечилет

Бүгүн өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен мамлекеттик чек арасындагы тактала элек чек ара аймактарын чечүү талабы менен митинг өттү. Акциянын катышуучулары бийлик өкүлдөрүн тез арада чек арага көңүл бурууга чакырды. Эскерте кетсек социалдык тармактарда Тажикстан менен чектешкен тактала элек аймакта көчөт тигилип, курулуш иштери жүрүп жаткан сүрөт, видеолор тарап коомчулукта талкууга жем таштаган эле. (2)Ал арада өкмөт үйүндө чек ара маселелери боюнча брифинг болуп, элге кеңири маалымат берилди. Анда чек ара аймактарында сүйлөшүү иштери жүрүп жатканы жана бардык кабыл алына турган чечимдер кыргыз элинин кызыкчылыгын эске алуу менен чечилерин билдиришти.

Көп кырдуу талант Нурканбек Турсунбаев 80 жашка чыкса да обондорду чыгарып, театрда ойноп чыгармаларын элге тартуулап келет. Бишкекте анын юбилейлик мааракеси өтүп ага мамлекеттик ишмерлер, маданият кызматкерлери, өнөр ээлери келди.(1) Ал 700 дөн ашык обондун автору, 30 дан ашык спектакльга, ондон ашык көркөм жана даректүү фильмдерге, 400дөн ашык ырга обон жазган.

Буга чейин эл менен эсептешпей, казынадан акча урдап байыйм деген атка минерлердин бардык кыңыр иштери иликтенип, мыйзамсыз топтогон байлыктары, кыймылсыз мүлктөрү мамлекетке кайтарылат. Бул- өлкө башчысы Садыр Жапаровдун приаритеттүү багыттарынын бири. Жапаров мындан тышкары мурдагы президенттердин каталарын кайталабай турганын, бир адамдын же бир ууч топтун жетегинде болбой турганын эскертип келет. (2)Жаны ажонун дагы бир өзгөчөлүгү коомчулукка ачык болгонунда. Мисалга мамлекет башчысы өткөн аптада актуалдуу маселелер боюнча эки жолу атайын маек берди. Коомчулук ажонун мындай аракеттерин кандай кабыл алып жатат?

Конституциянын жаңы долбоорунда коомдун руханий-маданий негиздерине багытталган атайын бөлүм жазылган. Юристтер документтеги киргизилген жаңы беренелердин үрп-адат, салттарын сактоо менен маданияттын мындан ары өнугүүсүн шарттай деп белгилешүүдө.

Жарандардын ден соолугун бекемдөө үчүн шарттарды жакшыртуу зарыл. Ошол эле маалда калкка жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга, оорулар менен күрөшүүнү күчөтүүгө багытталган саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты мындан ары өркүндөтүү кажет. Бул тууралуу Президенттин «саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жөнүндө» Жарлыгында белгиленди. Аталган милдет жана талаптар кантиип жана качан ишке ашат?

Россия Федерациясы эки мамлекеттин ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында Кыргызстанга 217 миллион рубль өлчөмүндө жардам көрсөттү. Бул суммага борбордук контролдоо-аналитикалык лабораторияга атайын анализдерди жүргүзүү үчүн шаймандар сатылып алынды.