Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жаңы Баш мыйзамда бийлик бутактарынын милдеттери кандай?

Дүйнөдө 6 миңге жакын тил бар, алардын 43% жоголуу коркунучунда. Буга чейин төрт жүздөн ашуун тил жоголгон. Мунун негизги себеби — миграция. Ата мекенден тышкары көп убакыт жашагандыктан, эне тилин унутуу коркунучу жогору. Мындан улам, 21-февралда бүткүл дүйндө Эне тил күнүн белгиленип келет. Анын алдында Улуттук китепканада иш-чара болуп, филологдор жана коомдук ишмерлер кыргыз тилинин учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү чаралары жөнүндө айтып беришти.

Дүйшөмбүдөн тарта “Мектепке электрондук каттоо” автоматташтырылган маалымат тутумунун порталы иштей баштады. Балдарды биринчи класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо- Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Кара-Балта шаарларында жүргүзүлүүдө. Мектепке электрондук каттоо эки багытта ишке ашат. Биринчиси — жашаган жери боюнча тийиштүү мектептерге каттоого тургандар. Экинчи багыт — жашаган аймагынан сырткары жайгашкан билим берүү мекемелерин тандагандар. Ага кандай документтер керектелет?

Парламентте Конституциянын долбоорун талкуулаган жыйын өттү. Ага Баш мыйзамдын долбоорун сунуштаган демилгечи депутаттар жана аны талкуулоо үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү да катышты. Эске салмсам буга чейин Кеңешменин мүчөлөрү жаңы долбоорду карап, талкуулагандан кийин өткөн аптада кайрадан эл өкүлдөрүнүн кароосуна жөнөткөн.

Дыйкан, фермерлер үчүн өкмөттүн “Айыл чарбасын каржылоо — 9” долбоорунун негизинде жеңилдетилген насыя берүү иштери башталды. Быйыл асыл тукум мал өстүрүү, үрөн чарбасы жана кант кызылчасын өндүрүү менен алектенген тараптарга насыя берүүдө артыкчылык берилет. Дыйкандар насыяны тармактарга жараша жылына 6, 8 жана 10 пайыздык үстөгү менен 3 жылдан 5 жылга чейин ала алышат.

Советтик жана кыргыз киносунун легендасы Жамал Сейдакматова акыркы сапарга узатылды. Акыркы күндөрүнө чейин актриса жаш муундарга театр искусствосунун сырлары менен бөлүшүп келген. Белгилей кетсек, 16-февралда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды. Кыргыздын чыгаан театр жана кино өнөрпозун акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан кийин 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жамал Сейдакматова кыргыз киносуна жана театрына 60 жылдан ашык өмүрүн арнады. Бул убакыт аралыгында көптөгөн залкарлар менен чогуу роль жаратканга жетишти.

Өлкөдө мектеп-интернаттарын реформалоо багытындагы пилоттук долбоор жети райондо иштеп жатат. Башкы максат – мектеп-интернаттарындагы окуучуларды үй-бүлөлөрүнө кайтаруу жана аларга көмөк көрсөтүү. Адистер үй-бүлөдө, ата-энесинин жанында чоңойгон балдар толук кандуу мээримге бөлөнүп, жашоосунда ийгиликке жетишип, коомдук турмушка аралашууга оңой болот дешет.

Бишкек мэриясы мектептерди ачууга даяр, бирок борбор калаанын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан тиешелүү токтом келе элек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди. Анын айтымында, муниципалитеттин билим берүү башкармалыгы балдарды кабыл алууга бардык шарттарды түзгөн. Октябрь окуяларынан кийин вице-мэрлик милдетке келген Айжан Чыныбаева 100 күндүн ичинде аткарган иштери:

Бизнести илгерилетүүгө өлкөдө тынчтык жана шарт керек. Ал шарттарды түзүү жана инвесторлор менен бизнести колдоо үчүн Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда улуттук экономиканы колдоо, аны өнүктүрүү кепилдиктери каралган. Бул сапар Конституцияга өлкөнү социалдык-экономикалык жактан колдоо өзгөчөлүктөрү да камтылган.