Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жогорку Кеңеш Президентке каршы айып коюп, жада калса кызматынан четтете алабы?

Сотторду тандоо укугу Конституциянын жаңы долбоорунда Жогорку Кеңештен алынган жок. Ошондой эле мамлекет башчысы мыйзам бузса, соттордун жана парламенттин ишине кийлигишсе, кызматтан алынары жазылган. Андан соң Башкы прокуратура күнөө коюп, Конституциялык сот мыйзамдуулугун карап бере турган жобо да киргизилген.

Кыргызстанда балдар арасында пневмонияга кабылгандардын саны акыркы үч жылга салыштырмалуу аз. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бүгүнкү күнгө пневмонияга кабылган балдардын бардыгы эле COVIDге байланыштуу эместигин кулак кагат. Дарыгерлер оорунун алдын алуу үчүн балдар сезондук сасык тумоого кабылганда өткөрүп жибербей, эрте дарылоого чакырышат.

Жаштардын китеп окууга болгон кызыгуусу күн санап өсүүдө. Буга ылайык, борбор шаарда гана эмес, өлкө аймагынын жер-жерлеринде китеп таратуу аракетин күчөтүү керек. Бул туурасында Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында келген китеп сүйүүчүлөрү билдиришти.

Ордо калаанын чет жакасында жайгашкан жаңы конуштарда чечиле элек бир топ көйгөй бар экени айдан ачык. Шаар тургундары көңүлүн өйүгөн маселелерин калаа бийлигине билдиришти. Бишкек шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин жана тургундардын катышуусунда 2021-жылдын бюджетинин коомдук угуусу болуп өттү. Үстүбүздөгү жылы шаар бюджетине 10 миллиарддан ашык киреше түшөрү пландалууда. Анын негизги бөлүгү социалдык тармактарга жумшалмакчы.

Келечек жаштардын колунда демекчи, жаш муунду улуттук баалуулуктарда тарбиялоо маанилүү. Анткени муну менен биз өзүнчө эл катары уникалдуулугубузду сактай алабыз. Өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон алгачкы Жарлык дагы мына ушул инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө болгон. Аталган жарлыктын концепциясы 1-июнга чейин иштелип чыгышы керек. Аны иштеп чыгуу үчүн алгачкы аракеттер көрүлө баштады. Жарлыктын айланасындагы талкуулар “Манас жана Айтматов” атындагы Улуттук академиясында өтүүдө. Аянтчага илимий чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, маданият кызматкерлери жана коомдук ишмерлер үчүнчү ирет чогулду. Бул жолку талкууда мамлекеттик тилге өзгөчө басым жасалды. Анткени документте патриоттуулук менен мамлекеттик тилди жайылтуу дагы камтылган. Ар бир катышуучу мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн айланасында сунуш-пикирлерин, докладын оозеки жана жазуу түрүндө жасоого мүмкүнчүлүк алды.

Кайсы кесип болбосун, окутууда практикалык сабактардын орду чоң. Эми кесиптик колледждердин студенттери бир катар курулуш компанияларында тажрыйба топтой алышат. 18-февралда 12 курулуш компаниясы сегиз билим берүү мекемеси менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Макулдашуу кесиптик билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу боюнча атайын долбоордун алкагында жетишилген.

Родной язык — душа народа! В мире насчитывается около 6 тыс. языков, 43% из них находятся под угрозой исчезновения. Более четырёхсот уже исчезли. Главная причина — миграция. Прожив много времени за пределами Родины, теряешь навыки родной речи. 21 февраля во всем мире отметят день родного языка, в его преддверии в Национальной библиотеке прошло мероприятие, на котором филологи, общественные деятели рассказали о нынешнем состоянии кыргызского языка и мерах по его развитию.