Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жаңы Конституция боюнча кимдер мыйзам долбоорун демилгелей алат?

Жаңы Конституциянын долбоору бийлик бутакраныдагы тең салмактуулукту сактоону күчөтүүгө ылайыкталган. Бул тууралуу Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү билдиришет. Бирок, 9-февралда Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы сунушталган долбоору илингенден бери, коомдо талкуу жана көптөгөн суроолор пайда болууда. Мындан улам кесиптешим Айьза Камчыбекова жаңы Баш мыйзамда ким мыйзам долбоорун демилгелей алат? деген суроого жооп издеп көрдү.

Быйыл түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна пландалган эстакадалык көпүрө жана туннелдерди куруу иши кайрадан жанданат. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы Кытайдын «China Road and Bridge» корпорациясынын башкы менежери Хоу Ху Сянга таянып билдирди. 2020-жылы коронавирус пандемиясынын айынан аталган жолду салууга адистерди ишке тартуу кыйынга турган. Бирок ошого карабастан Кызыл-Жылдыз жана Арал айылынын ортосундагы жол толук оңдолуп бүттү.

Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстан менен Россиянын өз ара мамилелери жана байланыштары жөнүндө «Союздук байланыштар» аттуу макаласы жарыяланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Мамлекет башчынын макаласында эки элди бириктирип турган байланыштар, орус тилинин орду, өлкөлөрдүн биргелешип кызматташуусунун келечеги жөнүндө ойлор айтылат. Эске салсак Садыр Жапаров президенттик ишине киришкенден кийинки алгачкы расмий сапарын Россияга пландап, обочолонуу режиминде иштеп жатат.

Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу зарыл. Автоматташтырылган системалардын күнүмдүк турмушта пайдасы пандемия маалында байкалганы белгилүү. Президент Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык, санариптештирүү багытында бир катар иш-чаралар кабыл алынмакчы.