Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Гуманитардык кызматташтык – Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара мамилелердин негизи

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык жактан кызматташтыгы артууда. Билим берүү тармагында кыргызстандык студенттер үчүн Россиянын жогорку окуу жайларында гранттык орундар көбөйтүлгөн. Ошондой эле Кыргызстандын мектептерине жана университеттерине окуу китептери берилип келет.

Бишкек шаарындагы карылар үчүн социалдык-стационардык мекемеде 23-февраль – Ата мекенди коргоочулардын күнүнө карата «Алга, Аталар» аттуу конкурс болуп өттү. Конкурсттун шарттары боюнча аталар мекеменин кызматкерлери менен биргеликте ар кандай музыкалык номерлерди даярдашкан. Иш-чарага биздин чыгармачыл топ дагы күбө болуп келди.

Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу пропорционалдык жана мажоритардык система менен өткөрүлөт. Бул туурасында Боршайком билдирет. Андыктан, шаардык кеңешке депутат болгусу келгендер саясий партиялар аркылуу, ал эми айылдык кеңешке талапкер өзүн өзү көрсөтсө болот.

Аттестациядан өткөндөн кийин ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегендигине байланыштуу акимдер жана алардын орун басарлары кызматтан бошотулушу мүмкүн. Мындай маалымат мамлекеттик кадр кызматында жарыяланды. Бардык акимдер жана алардын орун басарлары 9-марттан баштап бир нече баскычта аттестациядан өтүшөт. Комиссия алардын кылган иши менен таанышып, баа беришет.

Жакынкы аралыкта өлкөнүн экологиясын кантип жакшыртууга болот? Калаадагы кара түтүндөн биротоло айрылууга мүмкүнбү? Мына ушул жана башка экологияга тиешелүү суроолорду талкуулоо максатында экологдордун жана жаратылыш сүйүүчүлөрүнүн катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Анда келерки жылдары экология маселелерин чечүү жолдору талкууланды.

Коомдук талкуудагы Баш мыйзамдын жаңы редакциясында атайын статуска ээ Башкы прокурорду, Эсеп палатасынын мүчөлөрүн, Улуттук банк менен БШКнын төрагаларын дайындап жана бошотууда Президент Парламенттен макулдук сурайт. Бул бийликтеги тең салмактуулуктун сакталышын камсыздайт дешет адистер.