Ишенби, 11 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстан Россия менен биргеликте энергетикалык долбоорлорду ишке ашырат

Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорду Россия менен биргелешип ишке ашыруу мерчемделүүдө. Жакын арада бизде «Гидропроект»акционердик коомунун филиалы ишке кирип, белгилүү бир себептер менен токтоп турган ири делген энергодолбоорлорду жандантмакчы. Мындай макулдашууга Президент Садыр Жапаровдун Москвага жасаган иш сапарынын алкагында жетишилген.

Премьер-министр Улукбек Марипов социалдык стабилдиүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча Өкмөттүн биринчи кезектеги чаралар планын бекитти. Ал биринчи кезекте Президенттин Жарлыктарын жана Премьер-министр тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашырууга багытталган. Документ 50 иш-чарадан туруп жана аны аткаруу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин деп көрсөтүлгөн.

Садыр Жапаров Путин белекке берген кылычты тарых музейине өткөрүп берди. Эске салсак Садыр Жапаров Москва шаарына жасаган алгачкы иш сапарында Владимир Путинге кыргыз чеберлери тарабынан жасалган кылычты ыйгарган. Ага жооп кылып Россиянын президенти дагы ошондой эле белегин берген болчу. Ал белек Тарых музейден өз ордун тапты.

Конституциянын жаңы долбоорунда илим, билимге мамлекеттик деңгээлде маани берилип, атайын стратегиясы кабыл алынары киргизилди. Ошондой эле документте Улуттук илимдер академиясы илимий изилдөөлөр тармагындагы багыттарды координациялай тургандыгы белгиленип жатат. Мындай колдоого алынып, каржылана турчу илим тармагы жакынкы убакыттарда ири ачылыштарга жол салары алыс эмес дешет окумуштуулар. Анткени коомчулукта кыргыз илимине өлкө көз карандысыздыкка ээ болгондон баштап оңтойлуу көңүл бурулбай келгени байма-бай айтылып келгени белгилүү.

Коронавируска каршы эмдөө март айында башталат. Ал үч этапта өтөт. Себеби, келе турчу эмдөө дары-дармектери жыл ичинде этап-этабы менен жеткирилип турат. Биринчи категорияга көптөгөн адамдар менен түздөн-түз иштеген жарандар кирет, бул милиция кызматкерлери, мугалимдер жана чек арачылар. Кыргызстанга ал эмдөөчү дары-дармектер Россия Федерациясы, АКШ жана Кытайдан алынып келинет. Ошондой эле, КОВАХ программасынын алкагында 1 миллион 200 миң доза вакцина келээри күтүлүүдө.